"Элит Хаус" курулуш компаниясы: "Экотехинспекция тараткан маалымат так эмес"

2019-жылдын 30-апрелинде массалык маалымат каражаттарына Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы тараткан маалымат так эмес. Бул тууралуу "Элит Хаус" курулуш компаниясынан билдиришти.

"София" 9 кабаттуу үй-имаратын курууга компаниянын архитектуралык пландоо жана инженердик техникалык шарттары, ошондой эле макулдашылган проекти боюнча документтери бар.

Кыргыз Республикасынын курулуш жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын нормалары толук каралбай калганына байланыштуу, компания Мамлекеттик экотехинспекция менен сот аркылуу иш-чараларды жүргүзүп жатат. Акыркы так эмес маалыматтарды соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирмейинче, компания бул маалыматты четке кагат.

Компания курулуштун жүрүшүнө кызыккан өзүнүн кардарларын кеңсеге чакырууга жана объектилерге ачык экскурсия уюштурууга ар дайым даяр", - деп айтылат компаниянын жообунда.

Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы "Бишкектин райондор аралык соту "Элит Хаус" курулуш компаниясына караштуу Аалы Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан 9 кабаттуу эки имаратты сүрдүрүүгө чечим чыгарды" деген маалымат тараткан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан