Көрүүнүн диагностикасын жасоонун маанилүүлүгү

Акыркы жылдарда телефон жана компьютерге байлануунун негизинде көзгө келтирилген күч бир нече ирет өсүп, калктын көрүүгө байланыштуу көйгөйлөрү дагы көбөйүүдө. Учурда дарыгерлер мындан 10-15 жыл мурда таптакыр жолукпай келген ооруларды аныктап жатышат. Мурда улгайган адамдарда кездешүүчү “катаракта“ оорусу азыркы мезгилде жаштарда да көп байкалууда. Көпчүлүк адамдар, көз ооруларынын белгилери жок болсо да, регулярдуу түрдө көрүүсүн текшертип туруу маанилүү экени жөнүндө угушкандыр. Балким, буга макул дагы болушса керек. Бирок жүрөгүнүн тереңинде ар бир адам “бул көйгөй менде пайда болбойт” деп ойлойт. Белгилердин пайда болушун күтүүнүн зарылдыгы жок, кээ бир көз оорулардын алгачкы стадияларында эч бир белги байкалбашы мүмкүн. Мисалы, глаукома деп аталган көз оорусу адегенде таптакыр билинбейт, бирок убагында тийиштүү чаралар көрүлбөсө, глаукоманын кесепетинен адам көрүүдөн биротоло ажырап калышы мүмкүн. Көз торчосунун оорулары жөнүндө да ушуну эле айтсак болот. Анын иштешиндеги көйгөйлөр көздү кылдаттык менен текшергенде гана аныкталышы мүмкүн.

Сиздин көрүүңүз өз жайында экендигине ынаныш үчүн дарыланууну убагында баштоо же көзгө диагностика жасоо зарыл. Мүмкүнчүлүктөрү келечек жөнүндө фантастикалык фильмдерди эске салган инновациялык диагностикалык жабдуулардын жардамынан пайдалансаңыз, андан жакшы. Кыргызстанда мындай жабдуу “Офтальмологиялык лазердик борбордо” гана бар. Техникалык жактан жабдылышы боюнча өлкөбүздө бул борборго тең келген клиника жок. “Офтальмологиялык лазердик борбордогу” бардык операциялык жана диагностикалык жабдуулар дүйнөлүк лидерден алынган жана “жапжаңы”, башкача айтканда, эң акыркы муундагы лазерлер, көз текшерүүчү томографтар ж.б. Ушул жерде гана офтальмологиянын дүйнөлүк стандарттарына жооп берүүчү, көздү толук, ар тараптуу изилдөөгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Жогорку деңгээлдеги офтальмологиялык жардам көрсөтүү КЫРГЫЗСТАНДА: эми чет өлкөгө баруунун зарылдыгы жок!

Чет өлкөнүн фильмдеринен батыштын заманбап көз дарылоочу клиникасын көргөнүбүздө таң калып, суктанабыз: диагностикалык лазер бир нече секундда көздү сканерлейт, көрүүнүн бардык көйгөйлөрүн аныктап, дароо оңдойт, арадан эки мүнөт өтпөй, буга чейин нечен жылдар бою көз айнек кийип жүргөн адам эң сонун көрүп калат. Мындай деңгээлдеги медициналык жардамды алыш үчүн "чет өлкөгө барыш керек" деп ойлогонго көнүп калганбыз. Кыргызстанда көз клиникасы бар - ал жерде фантастикага окшогон диагностиканын ыкмалары жана бир нече минутада көрүүнү калыбына келтирүү – күндөлүк көрүнүш.

Кыргызстанда техникалык жабдылышы боюнча дүйнөлүк клиникаларга тең келген көз клиникасы бар, ал - “Офтальмологиялык лазердик борбор”. Мисал катары, “Офтальмологиялык лазердик борбор” колдонуп жаткан акыркы муундагы Oculyzer II жана TopoLyzer VARIO (WaveLight AG Германия) диагностикалык аппараттарын алалы. Бул аппарат менен текшерүү – көрүүнү лазердик коррекциялоонун алдындагы диагностиканын “алтын стандарты” болуп саналат.

“Офтальмологиялык лазердик борбордо” иштеген офтальмохирургдардын профессионалдык деңгээли боюнча да Кыргызстанда теңдеши жок. Клиникада ысымдары дүйнөгө таанымал болгон дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, катаракталык жана рефракциялык хирургдардын Европадагы Ассоциациясынын (ESCRS) мүчөлөрү Ким Владимир Ухенович жана Ремесников Игорь Александрович операцияларды жасашат.

Жалпысынан алганда, биздин мекендештерибизге жогорку деңгээлдеги офтальмологиялык жардамды алуу үчүн чет өлкөлөргө баруунун зарылдыгы жок. Ал жардамды “Офтальмологиялык лазердик борбордон” алууга болот! Көрүүңүздү жакшыртуу жөнүндөгү кыялыңызды создуктурбай ишке ашырыңыз! Келиңиз, ошондо ӨЗҮҢҮЗ БАРДЫГЫН КӨРӨСҮЗ!

Olc.kg'нин консультациясына жазылуу үчүн телефондор:

+996 (770) 013-025

+996 (559) 013-025

+996 (704) 009-193

+996 (312) 976-888

Email: info@olc.kg

Иштөө мөөнөтү:

Дүйшөмбү – Жума: 09:00–18:00

Ишемби: 10.00-16.00

Дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов кең көчөсү, 299/1

Пикирлер жана жаңылыктар тууралуу төмөнкү даректерден окуңуздар:

https://www.facebook.com/olc.kg/

https://www.instagram.com/olc_bishkek/

https://www.youtube.com/channel/UCTbQeT74huJL-7JY7_qQSiw


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан