Бишкекте "Бак О!тургуз" акциясы болуп өттү

Өткөн дем алыштарда чындыгында чайыттай күн ачык болду жана О! Мобилдик операторунун кызматкерлери Ак-Өргөө жаңы конушундагы №77 орто мектебине жаш көчөттөрдү отургузуу үчүн жөнөштү.

"Бак О!тургуз" акциясынын алкагында жашылдандыруу үчүн бул аймак жөн жерден тандалып алынган жок, анткени мектеп жаңы эле курулгандыктан, айланасынын баары ээн", - деп түшүндүрдү О! Мобилдик операторунун кызматкерлер менен иштөө Кызматынын жетекчиси Эркина Сарбашева. – "Ал эми азыр аппак акациялар, сирень, калина жана көптөгөн бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду, бир нече жылдан кийин окуучуларды кубандыра турган көлөкөлүү бакка айланат".

Жумуштун жүрүшүнө мектептин директору Аида Дооталиева көз салып турду. Мугалимдер жамаатынын атынан көчөттөрдү отургузуу жана сугаруу иштерине катышкан бардык кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.

– Ар бир киши өмүрүндө бир жолу бак тигиши керек деп эсептейм. Силер сыяктуу бир нече бакты тиксе андан бетер жакшы болот! – деп белгиледи Аида Арыпбековна.

О! компаниясына ушул мыкты саамалыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз, бул келечекке жана биздин балдардын саламаттыгына арналган чыныгы салым болуп саналат.

"Бак О!тургуз" акциясы О! Мобилдик оператору тарабынан биринчи эле жылы өткөрүлүп жатат. Былтыр Жалдагы №72 мектеп-гимназиясынын аймагында тигилген мөмө-жемиш жана декоративдик бактарынын көчөттөрү быйылкы жазда гүл ачты.

Экологиялык демилге шаардык аймактын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган жалпы шаардык ишембиликтердин алкагында жүзөгө ашырылды.

Биз өз шаарыбыздын “жашыл шаар” болушун бирге камсыздайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан