Оstore.kg интернет-дүкөнүндө насыяны онлайн жол-жоболоштуруу

Мурун насыяны жол-жоболоштуруу үчүн жетекчиден суранып, дүкөнгө барып, узун анкеталарды толтуруп, анан банктан жооп күтүү керек болчу. Азыр болсо, баары башкача.

2019-жылдын май айынын башынан баштап, ostore.kg интернет-дүкөнү "Дос-Кредобанк" ААКсы менен биргеликте смартфонду сатып алуу үчүн насыяны онлайн жол-жоболоштурууну сунуштайт.

Насыя алуу оңойдон-оңой: сиз насыяны алуу үчүн онлайн-анкета толтурасыз жана банктын макулдугун алган соң, жөн гана жапжаңы смартфонуңузду алып кетесиз!

Насыяны кантип онлайн жол-жоболоштурса болот

Насыялоо программалары өзүңүз баргандай эле онлайн иштейт. Үйдөн чыкпай туруп телефонду насыяга сатып алуу үчүн жактырып калган смартфондун баракчасындагы "Насыяга жол-жоболоштуруу" баскычын басуу керек. Андан ары сайт сизди анкета толтуруу баракчасына жөнөтөт, ал жерде сиз скан-копияларды же документтердин сүрөттөрүн жүктөшүңүз керек:

  1. Паспорттун эки тарабы (эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат, эгер ID-карта болсо, жашаган жериңизден маалымкат талап кылынбайт);
  2. Айлык акы тууралуу маалымкат же акыркы 3 айга жарактуу патент (жеке ишкер үчүн).

"Өтүнүч жиберүү" баскычын басыңыз. Даяр!

Сиз менен O!Store менеджерлери өтүнүчтүн бөлүктөрүн тактоо жана буюртманы тастыктоо үчүн байланышка чыгышат. Ал эми бир нече убакыттан кийин, эгер банк оң чечим чыгарган болсо, биз сизди жакын жайгашкан O!Store дүкөнүнө келишимге кол коюу жана смартфонуңузду алып кетүү үчүн чакырабыз. Насыяны алуу үчүн онлайн-өтүнүчтү жол-жоболоштуруу азырынча Бишкекте гана жеткиликтүү. Кошумча маалыматты ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 номери аркылуу алсаңыз болот.

O!Store сизге тез жана ийгиликтүү сатып алууларды каалайт!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан