Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча облустук турнирде уруш чыгып оюнчунун буту сынды. Бул тууралуу SUPER.KGге окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарында жайгашкан "Төлөйкан" ат майданында болгон.
"Кара-Кулжа району менен Аксы районунун курама командалары ойноп жаткан учурда уруш чыгып кетти. Алар аттар менен түртүшүп, бири-бирин камчы менен да ургулап жиберишти. Ызы-чууда Аксы курама командасынын бир оюнчусу аты менен жыгылган болчу. Аны "Тез жардам" кызматы алып кеткен", - дейт күбө.
Окуя оюндун 2-бөлүгү өтүп жатканда болгонун, калыстар тобу урушту токтотуп, оюн уланганын күбө кошумчалады.
Ал эми Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматына байланышканыбызда бул окуя тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдиришти.