Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык ишканасынын жаңы башкы директору болуп Талант Султанов дайындалды. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин башчысы кызматын аркалап келген.
Ошондой эле министрликтин Маалымат департаментинин жаңы башчысы кызматына Уланбек Дыйканбаев дайындалды.