Кыргызстандын дагы 51 калктуу пунктунун тургундары бүгүн О! Мобилдик операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан Кыргызстандын калкынын 94 пайызы О! Мобилдик операторунун төртүнчү муундагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик технологиясын колдонот.
Жакында компаниянын техникалык адистери жумуштарынын кезектеги этабын аякташты, натыйжада 4G LTE түйүнүнүн иштөө аймагы кеңейди. Ошондой эле О! түйүнүнүн сыйымдуулугу да жакшырды. Курорттук сезондун жакындап калгандыгын эске алуу менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы түйүндү кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.
"4G LTE түйүнүнүн ишке кирүүсү жана кеңейүүсү кыргызстандыктар үчүн онлайн иштөө, баарлашуу жана билим алуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Баасы боюнча пайдалуу жана мазмуну жагынан ар түрдүү болгон тарифтер абоненттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү менен түрүнө жараша керектүү тарифти тандап алуусуна шарт түзөт", – деп белгиледи оператордун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Компания Кыргызстанда 4G LTE түйүнү менен камтууну кеңейтүүнү активдүү түрдө улантууда. Акыркы 2 жылда О! түйүнүндө маалыматтарды өткөрүү трафигинин көлөмү 3,6 эсеге өстү. Колдонуучулар күн өткөн сайын интернеттен керектүү маалыматтарды көбүрөөк жүктөй башташты. О! Мобилдик оператору бул маалыматтарга таянып өз түйүнүн куруп келет. Жылдын башынан тартып эле мобилдик кең тилкелүү 4G LTE интернет өлкөнүн 1000ден ашуун алыс жайгашкан калктуу аймактарында жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды.
Бүгүнкү күндө О! – 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн гана лидери эмес, коңшу мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрүнүн башка операторлору менен салыштырганда дагы лидер болуп саналат.