Каалоо, максат, аракет. Elite House'тун негиздөөчүсү Тимур Файзиев ийгилик формуласын айтты

11-май күнү "Хан Теңир" этно комплексинде Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев "Ийгиликке жетүүнүн искусствосу" деп аталган темада бизнес-тренинг өттү. Бул иш-чарага 700дөй адам катышып, келгендер жаңыча күч алып, билимин өркүндөтүп, жаңы максаттарга жетүүнү көздөп кайтышты.

Кече барабандардын коштоосу менен башталды. Музыканттардын күчтүү энергетикасына толгон публика, иш-чаранын башкы спикерин күтүп калды. Тимур Файзиев кыймылсыз мүлк чөйрөсү жана курулуш бизнеси тууралуу талкуулоо менен тренингди ачты. Ал миллиардерлердин ийгиликке жетүү формуласы менен бөлүштү - бул каалоо, максат жана аракет. Файзиев "чоң максатты алдыңа кой, бийиктикке ашыр, тобокелчиликке барып иште" деген чакырык жасады. Албетте, эксперттин тарыхындагы жетишкендиктери жана жеңилгендиктери тууралуу фактыларды келтирүү менен "жеңишке жетиш үчүн утулганды да билиш керек" деп түшүндүрдү.

Кечеде бир гана ийгиликке жетүүнү талкуулоодон тышкары жаңы, агенттерге арналган лоялдык программасын башкы директордун биринчи орун басары, коммерциялык директор Ильхам Макеев сунуштады. Эми ар бир каалоочу компаниянын батирлерин сатууда анын суммасынан 3 пайызга чейин иштеп табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, 3 батирди биринчи саткан агентке баалуу белектер - муздаткыч, кир жуучу машина жана үй кинотеатры берилерин айтты.

Ошондой эле Тимур Файзиев Elite House компаниясынын "2045" стратегиясын тартуулады. Бул уникалдуу программанын алкагында 1 миллион мекендештерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу, 1 миллион мигранттарды мекенге кайтарып жумуш орду менен камсыз кылуу, 1 миллион бак-дарактарды отургузуп, шаарды жашылдандыруу жана башка иштер бар.

Кеченин соңунда меймандарга ыйык Рамазан айына карата ооз ачыруу (ифтар) уюштурулду. Меймандар жаңы ийгиликтерге умтулуу менен кийинки тренингди чыдамсыздык менен күтө тургандыктарын билдиришти. Ал эми Тимур Файзиев ар кандай бизнес тууралуу социалдык тармактарда түз эфирде ар жума сайын жолугушууга убада берди. Анда ал көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.

Тимур Файзиевдин сатуу жаатында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Анын ичинен 13 жылы кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө. Социалдык корпоративдик жоопкерчиликтин алкагында жарандарды окутуу аракети Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым деп жыйынтык чыгарса болот.


кошулду
Каалоо, максат, аракет. Elite House'тун негиздөөчүсү Тимур Файзиев ийгилик формуласын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан