Дүйнөнү дүңгүрөткөн “Так талашуу оюну” сериалы жыйынтыкталды. Акыркы серия күйөрмандар күткөндөй болдубу?

20-майда көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “Так талашуу оюну” телесериалынын жыйынтыктоочу сериясы көрсөтүлдү. 73 эпизоддон туруп, 8 сезонду камтыган бул сериалдын күйөрмандары дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да абдан көп экени талашсыз. Саясат, интрига, эротика, тамашалуу диалогдор, аёосуз адам өмүрүн алган кадрлар, кан аккан салгылашуулар, фантастика, такты үчүн күрөш, ал тургай асманда күндүн бетин жаап учкан ажыдаардан бери көрсөткөн бул сериалды ири экрандан көрүү мүмкүнчүлүгүн Beeline компаниясы түзүп берди. Сериалдын акыркы бөлүгүн чоң экрандан бекер көрүү бактысы Beeplay тиркемесинин колдонуучуларына буюрган.

Сапаттуу үндүн коштоосунда, ири экран аркылуу Вестеростун Падышачылык жээгинин кыйрашы, Дейенеристин өкүм сүйлөгөнү, анын сүйүктүүсү Жон Сноунун колунан өлүм таап, ажыдаардын алаканында асманга учуп кетишин жана 8 сезон бою бийликке умтулгандардын өмүрүн алып, кыймылдабай турган темир тактынын жок болуусун көрүү сериалдын күйөрмандары үчүн айтып бүткүс кумар болду окшойт.

Сериалдын күйөрмандарына мындай мүмкүнчүлүктү түзүп бергенден тышкары, Beeline компаниясы көрүүчүлөр үчүн атайын сюрприздерди уюштурган. “Космо Парк” көңүл ачуучу соода жайынын Beeline залына кире бериште акыркы эпизоддун баш каармандары Дейенерис менен Жон Сноуну көрүүгө болот. Алар падыша тактысынын жанында дал тасмадагыдай көрк берип турушту. Кино сүйүүчүлөр сериал башталганга чейин эки каармандын жанынан жылбай, бошотпой сүрөткө түшүп жатышты. Инстаграмда баш каармандар менен тактыга отуруп түшкөн күйөрмандардын сүрөттөрү жайнап эле калды көрүнөт. Кызыктын баары залга киргенде башталды. Сериал күйөрмандары тасманын каармандары катышкан жана эпизоддорунан алынган кызыктуу суроолорго жооп берип, түрдүү белектерге ээ болуп жатышты.

Сериал тууралуу айта кетсек, кино сүйүүчүлөр акыркы эпизоддогу күтүүсүз бурулуштарды залда отуруп кол чаап, кыйкырып, таң калышып, бири-бири менен талкуулап көрүп жатышты. Сериалдын башкы эпизоддорундагы үлбүрөгөн сары чач, падышачылык, так талашуу эмне экенин билбеген көөнү таза, баёо жаш кыз Дейенерис Таргариен эсиңиздедир. Ал жапайы Дотрак уруусунун башчысы Кхал Дрогага агасы тарабынан турмушка мажбурлап берилип жатканда, соңунда ушул үлбүрөгөн кыз Жети падышачылыкты багындырып алат деп эч ким ишенбесе керек. Кыраакы Дейенеристин амбициясы күчөп, ажыдаарга минип, акыркы эпизоддорго жакындап калганда дээрлик бардык падышачылыктарды багындырып, анын аскерлери алдынан чыккан элди каратып, бала-бакыраны аёосуз кырып, аял аттуунун баарын зордуктап жүрүп отуруп тактыга жетти. Бирок Дейенеристин тактыга отурганын акыркы эпизоддо көрө алган жокпуз. Ага сүйүктүүсү Жон Сноу бычак сайып өлтүрүп салышы күтүүсүз бурулуш болду. Ажыдаарлар энеси Дейенерис билектей бычактан өлүм тапканда анын ажыдаары ачууланып падыша тактыны оозунан чыккан өрт менен эритип, өрттөп салды. Эми так жок. Бирок эмнегедир ажыдаар Жон Сноуга тийген жок. Дейенеристи алаканына салды дагы белгисиз жакка учуп кетти. Эми элди ким башкарат? Татыктуусу ким? Арья Старкпы? Сансабы? Ланнистерлер тукумунан куу Тирионбу? Жон Сноубу? Бул суроолорго карата жооп катары кийинки күтүүсүз бурулушту атасак болот.

Эгер сиз “Так талашуу оюну” сериалынын акыркы эпизодун көрүп койгон болсоңуз анда буга жоопту билесиз. Ал эми көрө элек болсоңуз, анда Beeplay тиркемесин көчүрүп алып, андан акыркы эпизодду сапаттуу форматта көрө аласыз. Бир гана акыркы серияны эмес, бул тиркемеден “Так талашуу оюнунун” бардык 8 сезонундагы 73 серияны таба аласыз. Кошумчалай кетчү нерсе, аталган тиркемеде мындан тышкары башка дагы сериалдар, тасмалар, дүйнөлүк атактуу бестселлерлерди таба аласыз. Андыктан азыр жүктөп алып, кинематография дүйнөсүнө сүңгүп кире берсеңиз болот.

Айтмакчы, аталган тасманы көрүп отургандардын көпчүлүгү күтүүсүз бурулуштарга канааттанбай калганын айтышууда. Буга мисал катары, сериалдын акыркы эпизодун чоң экрандан көргөн күйөрмандардын пикирин келтирсек болот. Дүйнөдөгү тасма сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан сериал көпчүлүк күткөндөй жыйынтыкталбай калды деген пикирди айткандар да жок эмес. Ал эми сиздин пикириңизде сериал өзүңүз күткөндөй аяктадыбы?


кошулду
Beeline "Так талашуу оюндарын" чоң экрандан көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан