"Бакай Банктын" Элкарт картасы менен каалаган банкоматтан акча алыңыз

"Бакай Банктан" Элкарт эсеп картасын ачтырып, республиканын каалаган аймактарында төлөмдөрдү комиссиясыз жүргүзүңүз.

"Бакай Банк" Элкарт картасынын ээлери үчүн эң пайдалуу жана ыңгайлуу шарт түздү.

Эми Элкарт картасы аркылуу төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыра аласыз:

* Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарындагы соода түйүндөрүндө эсеп картасы аркылуу комиссиясыз төлөм жүргүзүү;

* Банктын бардык кеңселериндеги аманат кассалары аркылуу эсеп картадагы акчаны толуктоо;

* Сутканын 24 саат бою иштеген банкоматтарында эсеп картадан акча чегерип алуу;

* Акчаны коопсуз жайда сактоо. Эсеп картаны жоготуп же уурдатып алган учурда банкка маалымат берүү керек. Мындай жагдайда банк картаны блокко салып коёт.

Элкарт эсеп картасы сунушталган учурлар:

* Эгер сиз төлөмдөрдү банкомат же терминал аркылуу ишке ашыргыңыз келсе;

* Акчаңызды топтоп, картадагы каражатты толуктагыңыз (накталай же которуу аркылуу) келгенде;

* Айлык маяна, пенсия, пособие алууда;

* Терминал же банкомат аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө.

Валюта - сом

Эсеп картаны алуу - акысыз

Картаны 1 жыл пайдалануу үчүн - 100 сом

Эсеп картаны колдонуу мөөнөтү - 1 жылдан 3 жылга чейин

Элкарт эсеп картасын алуунун шарттары эң жөнөкөй. Ал үчүн болгону "Бакай Банктын" каалаган кеңсесине паспортуңузду ала барып, анкета толтуруу жетиштүү. Элкарт картасын колдонуунун дагы бир артыкчылыгы - интернет аркылуу сатып алууларды ишке ашыруу. Интернет аркылуу сатып алуулар бир гана Кыргыз өлкөсүнүн аймактарында жүргүзүлөт.

"Бакай Банк" ААКсы "Дружественная сеть" бирикмесинин мүчөсү. Аталган бирикмеге өлкөдөгү "Бакай Банктан" сырткары "Айыл Банк" ААКсы, "Дос-Кредобанк" ААКсы, "Азия Банкы" ЖАКсы, "ФинансКредитБанк", "БТА Банк" ЖАКсы, "Капитал Банк" ААКсы жана "KICB" ААКсы кирген.

Бул бирикменин курамына кошулуу менен "Бакай Банктын" кардарларына жеңилдиктер берилди. Мисалы, "Дружественная сеть" бирикмесине кирген банктардын терминалынын, банкоматтарынын кызматын пайдалана турган болсоңуз (картадан акча чегерүү, эсеп картадагы акчаны толуктоо жана башкалар) жеңилдетилген тарифтер каралган. "Бакай Банктын" жана банктын өнөктөштөрүнүн банкоматынын жалпы саны 260ты түзөт.

"Бакай Банк" сунуштаган төлөм карта жана жаңы кызматтар тууралуу толугураак маалымат үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.

Ал эми кеңири маалымат алуу үчүн контакт борборунун консультанттарына 6111 номери аркылуу байланышка чыгып же "Бакай Банк" ААКсынын кеңсесине келиңиздер.

“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 70 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан