"Оптима Банк" менен Европа кайра куруу жана өнүгүү банкы өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол койду

21-майда Кыргызстандын банк тармагынын лидерлеринин бири "Оптима Банк" жана Европа кайра куруу жана өнүгүү банкы (ЕКӨБ) тобокелдиктерди бөлүштүрүү боюнча 20 миллион долларга жакын суммадагы макулдашууга кол койду. Бул макулдашууга ылайык, "Оптима Банк" берген айрым насыялар боюнча тобокелдиктерди 50 пайызына чейин ЕКӨБ бөлүшүп алат. Мындан тышкары, Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси, мөөнөтү жана көлөмү боюнча мындан да жеткиликтүү насыя алат, муну менен бирге, квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Көпчүлүк жергиликтүү компаниялар үчүн жеткиликтүү насыялар "Оптима Банк" жана ЕКӨБдин ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү боюнча 4 жылдык макулдашуунун жыйынтыгы болот. Чакан жана орто бизнес үчүн доллар, ошондой эле сом менен да насыялоонун көлөмүн жана мөөнөтүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Борбор Азия боюнча аймактык директор Нил Маккейн: "Бүгүнкү күндө ЕКӨБ Кыргыз Республикасынын экономикасына 825 миллион доллардан ашык инвестиция кошкон. Анын көпчүлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталган. Банк тармагынын насыя берүү боюнча лидерлеринин бири "Оптима Банк" менен макулдашууга кол коюу, чакан жана орто бизнес тармагын өнүктүрүүгө карата, дагы бир ишеничтүү кадам болуп саналат", - деп билдирди.

Бул макулдашуунун алкагында насыя алуучулар маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, финансылык менеджмент, өндүрүш жана башкаруу процесстерин ылайыкташтыруу тармактары боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин тажрыйбалары менен тааныша алышат. Ал үчүн ЕКӨБдин "Чакан бизнес үчүн демилгелер" программасы аркылуу техникалык кызматташтык боюнча түрдүү программаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Оптима Банктын" башкармалыгынын төрагасы Бейбут Капышев белгилегендей, ЕКӨБ менен түзүлгөн макулдашуу, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны колдоо үчүн чакан жана орто бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизет. "Оптима Банк" үчүн, насыялоо мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары кеңейтүү жана Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө салым кошуу маанилүү", - деди Капышев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан