Балдардын күлкүсү жаңырсын! 1-Июнда балаңызга кандай белек берүүнү ойлонуп жатасыз?

1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Көпчүлүк ата-энелер өз жоопкерчилигин жакшы түшүнөт жана баласына бактылуу балалык тартуулоо үчүн аракетин жумшашат. Ошентсе да бул күн балдарга өзгөчө көңүл бурууга, аларга эсте кала тургандай эс алуу уюштуруп, кооз белектерди берүүгө өбөлгө түзөт.

Балдарын кантип кубантууну ойлонуп жаткан ата-энелерге SUPER.KG порталы оюн-зоок жайлардын ылайыктууларын сунуш кылат.

"Детский мир" оюн-зоок борбору - балдардын күлкүсү жаңырсын!

Эң маанилүү болгон балдар майрамын "Детский мир" оюн-зоок борборунда өткөрүңүздөр!

1-Июнда бул жайда ажайып кызыктуу шоу, мастер класстар жана башка көптөгөн кызыктар орун алат.

Эки гана күн 1-2-Июнда "Детский мир" оюн-зоок борборунда майрамдык арзандатуулар болот. Акциялык товарларга Nerf (нёрф) жана Barbie (барби) бренддерине да 30 пайыздан арзандатуулар жүргүзүлөт!

"Детский мир" оюн-зоок борбору баарыңыздарды майрамда күтөт!

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 147, Түштүк магистраль - Сухэ Батор, Ош шаарында "Нурзаман плаза" соода борбору.

"Flamingo" - Балдарды коргоо күнүнө карата чоң программадагы концерт уюштурат!
"Flamingo" оюн-зоок борбору Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чоң программадагы концерт уюштурат.

- шоу көрсөтүүлөр;

- балдар көргөн мультфильмдеги каармандардын образын берген куурчактар;

- көптөгөн акысыз балмуздак.

Ошондой эле аттракциондорго эң пайдалуу акциялар жүргүзүлөт. "Бир жолу төлөп күн бою, он жолу түш" деп аталган акцияда балдарыңыздын жарпы жазылсын. Мындан тышкары "Flamingo'до" туулган күн ээлерине акысыз аттракциондор сунушталат.

Байланыш номерлери: (0312) 55-11-86, 0776 73-71-53.

Пайдалууну кызыктуу менен айкалыштыруу - "Magic city" балдар шаарчасында
1-июнда Бишкекте "Технопаркта" балдардын кесиптик шаарчасы "Magic city" ачылат. Анда балдар көңүл ачып ойногондон тышкары окутулат. "Magic city" - балдар үчүн реалдуу дүйнөнүн чакан модели. Ири аянтчада балдар 50 кесип жөнүндө үйрөнүп, биле турган чыныгы мегаполис жайгашкан! Үйрөтүү кызыктуу оюндар менен коштолот.
"Magic city" - керектүү кесиптерди үйрөнүүнүн чоңдор дүйнөсүнүн кичирейтилип көчүрүлгөн оюн аятнчасы,
"Magic city" эң мыкты аттракциондору бар алдыңкы оюн-зоок борбору,
"Magic city" - балалыктын сыйкырдуу шаарчасы,
* Шаарчанын аймагында билим берүүчү 25 аянтча курулган,
* Үйрөнүүгө 50 кесип камтылган,
* Шаарчанын картасы: банк, почта, өрт өчүрүүчү станция, полиция, супермаркет, оорукана, ферма, автомектеп, экологиялык борбор, курулуш, косметикалык фабрика, наабайкана, театр, телефондук станция жана башка.
* Шаарчада - кадимкидей жашоочулар бар. "Жашоочулар" бир эле учурда ойноп, жашоосунда керектеле турган нерселерди да үйрөнө алат. Бул жердин өзүнчө экономикасы, өзүнчө акча бирдиги бар. Мындан тышкары ар бир балада паспорт жана жумушу болот.
Дареги: "Технопарк" соода-көңүл ачуучу борбору, Анкара көчөсү 1/2, (Горький/Алматы),
Байланыш номери: +996 771 780 708.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан