Балдарды коргоо күнүнө карата Beeline менен бирге келечектин сүрөтүн тартып, AppleiPad 6 жана ApplePencil утуп ал!

Алдыдагы Балдарды коргоо күнүнө карата Beeline алгачкы санариптик оператору Instagram социалдык тармагы аркылуу "Beeline менен бирге келечек" аталышындагы балдар арасында сүрөт тартуу сынагын жарыялайт. Башкы байге AppleiPad 6 жана ApplePencil.

Байгеге ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө өздөрү тарткан сүрөттөрүн 4 сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине алып келген балдар дагы ээ боло алышат. ЦУМ, Орда (башкы кеңсе), BetaStores-2 жана Беш Сары (Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши) кеңселерине келгендер sim картага ээ болуп, картанын катуу сыртын лототронго салып коюу керек. Мындай кадамды азыр деле 1-июнга чейин барып ишке ашырып койсоңуз болот.

Instagram социалдык түйүнүндөгү жеңүүчүлөрдү жана sim карталардын сырты аркылуу ойнотулган утуш ээлерин сыйлоо аземи 2019-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарындагы Ибраимов 115/1 дарегинде жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңсесинде өтөт. Уюштуруучулар белексиз эч ким кетпейт деп сөз беришет.

Instagram социалдык түйүнүндөгү сынакка катышуунун тартиби:

- Beeline менен бирге болгон келечекти кагазга сүрөт кылып тарткыла.

- тартылган сүрөттү Instagram жеке баракчаңызга #БудущеесBeeline хэштеги менен киргизип, аталышына сүрөттү тарткан балаңыздын атын, жашын белгилеңиз;

- @beeline_kyrgyzstan баракчасына жазылыңыз;

- илген сүрөтүңүзгө көп "жакты" белгисин топтоого аракет кылыңыз.

1-июнь күнү саат 10:00гө карата эң көп "жакты" белгисин алып, жүрөкчө чогулткан сүрөттүн автору жеңүүчү аталмакчы. Ошондой эле жасалма "лайк" чогулткан сүрөттөр текшерүүгө алынат.

Сынакка бир гана Beeline операторунун абоненттери катыша алышат. Жеңүүчү байгени алуу үчүн компаниянын башкы кеңсесине 1-июнь күнү саат 14:00дө өтө турчу салтанатка келип, сүрөттүн түп нускасын көрсөтүүсү керек. Сынакка 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар катыша алышат. Бир катышуучу бир гана сүрөт менен катышат. Ошондой эле компьютердин же графикалык техниканын жардамы менен тартылган сүрөттөр кабыл алынбайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан