Бишкектин борборунда "Орозо айт маарек болсун!" аттуу масштабдуу иш-чара өтөт

7-июнда Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун!” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт. Иш-чаранын программасында көргөзмө, жарманке, кызыктуу конкурстар жана викториналар бар. Кирүү акысыз.

Бишкекте алгач ирет ыйык Орозо айт майрамына арналып чоң программадагы иш-чара өтөт.

Бул күнү борбор калаанын тургундары жана меймандарына төмөндөгүдөй кызыктуу программа даярдалууда: мусулман элдеринин маданиятынын фестивалы, белектер жана аксессуарлар жарманкеси, балдарга жана чоңдорго арналган интерактивдүү зоналар, спорттук таймаштар, өнөктөштөрдөн белектерди ойнотуу, конкурстар, Турдакун Ниязалиевдин аткаруусундагы нашиддер, чыгыш барабандарында кол ойнотуу, каллиграфия, леттеринг, таттуулардан гүлдесте жасоо боюнча акысыз мастер-класстар, мехенди, даамдуу фудзона жана креативдүү фото – зоналар.

Бул иш-чара коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы - максаты шаар элине позитивдүү жана майрамдык маанай тартуулоо. Бардык каалоочуларга кирүү акысыз.

Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар ортосунда диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук мамилелеринин чыңдалышына, маданият алмашууга, коомдо тынчтык жана өз ара түшүнүшүүгө мыкты аянтча болуп саналат.

“Орозо айт маарек болсун!” иш-чарасы “Умма” ислам журналы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы жана Биринчи Май районунун акимчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Иш-чара 7-июнь күнү саат 14:00дөн 21:00гө чейин Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу багында өтөт. (Болжолдуу: Курманжан датка эстелиги, "Ала-Тоо" кинотеатрынын арты)

Байланыш номерлери: 0770 99 00 18, 0777 37 43 53.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан