Бишкек шаарында "Өз шаарларыбыз" социалдык инвестициялар программасынын алкагында "Газпром нефть Азиянын" кызматкерлери тарабынан ыктыярчылардын "Эл достугу" аталышындагы долбоору старт алды.
Ыктыярчылар долбоорунун биринчи этабы - балдар арасындагы "Эл достугу" сүрөт конкурсу. Сынактын катышуучуларынын эмгектери атайын уюштурулган көргөзмөгө коюлуп, ал эми эң жакшы деп табылган сүрөттөр "Таберик" музыкалык театрынын түстүү граффитисинин катарына кошулмакчы.
Сынак "Таберик" музыкалык балдар театры менен биргеликте, үч жаш категориясы менен өтөт. 1-категория 6 жаштан 8 жашка чейинки балдар, 2-категория 9-12 жаштагы балдар жана 3-категория 13-15 жаштагы балдар арасында. Ар бир категориянын жеңүүчүлөрү баалуу белектерге ээ болушат.
Сынактын жыйынтыгы 20-июнда "Газпром нефть Азиянын" 8-кичи райондогу 28 А дарегинде жайгашкан кеңсесиндеги чакан майрамдык салтанатта жарыяланмакчы.
Балдар арасындагы сүрөт тартуу боюнча сынакка катышкан бардык катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушат.
Сынак тууралуу кенен маалыматтар жана жаңылыктар төмөнкү баракчалар аркылуу жарыяланып турмакчы:
Сынактын шарттары:
Балдардын эмгектери 2019-жылдын 15-июнуна чейин кабыл алынат, кабыл алуу даректери:
"Биздин ыктыярчылар командасы балдар жана чоңдордун "Таберик" театрына болгон кызыкчылыгын ойготууну көздөйт. "Таберик" театрынын алдына граффити түзүп, балдарды театр жашоосуна активдүү катышууга тарталы деген оюбуз бар. Граффити жалаң балдар тарткан сүрөттөрдөн турмакчы. Балдар арасында сүрөт тартуу сынагы - мектеп жашындагы креативдүү жана активдүү балдардын чыгармачылык дараметин ачууга мыкты мүмкүнчүлүк болот", - деди "Эл достугу" ыктыярчылар долбоорунун жетекчиси Айзада Жумакадырова.