Ысык-Көлдө ыктыярчылар 3 миң даана желим бөтөлкөдөн көк китти арт-объект кылып жасашты

Дүйнө жүзүндө ар бир секунд сайын 20 миң даана желим бөтөлкө даярдалса, мүнөтүнө 1 миллион желим бөтөлкө сатыларын билчү белеңиз? 30 жылдан кийин океанда балыкка караганда желим идиштер көп болот...

Июнь айынын башында жайкы спартакиаданын тандоо турунун жүрүшүндө "Газпром нефть" ишканасы менен биргеликте "ЭкоЛогика" деп аталган флешмоб өттү. Аталган флешмобго ишкананын кызматкерлери жана мелдештин спортчулары катышты. Бул жылы компания кызматкерлердин экологияга жасаган мамилесине көбүрөөк басым жасап, флешмобго катышкан ар бир адамды колдонулган желим буюмдарды атайын урналарга салууга чакырды.

"Trioartgroup" командасынын сүрөтчүлөрү да уюштурулган иш-чарага чакырылган. Алар экоыктыярчылар менен биргеликте спортчулар топтоп келген желим бөтөлкөлөрдөн арт-объект жасашты. Мындай аракеттер коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө жана желим буюмдарды кайра иштетүү маданиятына буруу максатында ишке ашырылды. Суудан секирип чыгып бара жаткан киттин элеси түшүрүлгөн арт-объект көл жээгинде эс алгандарга жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоону эстетип турат.

Руслан Гайдаров, "Эковолонтёр" ыктыярчылар долбоорунун жетекчиси, "Газпром нефть" компаниясынын "Өлкөмдөгү шаарлар" социалдык инвестициялык программасынын элчиси: "Искусство адамдын жан дүйнөсүн ойгото ала турган касиетке ээ болгондуктан адамзатына чоң таасир берет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү көптөгөн сүрөтчүлөр экологиядагы көйгөйлөргө тынчсызданууда. Мындан улам алар таштандыны акыл эс менен ыргыта тургандай, аны бөлүп-бөлүп топтой тургандай маселеге коомчулуктун көңүлүн бурган чыгармаларды жаратышууда".

Көк кит - бүгүнкү күндө жок болуп кетүү коркунучунда турган сейрек кездешүүчү сүт эмүүчүлөргө кирет. Мындан улам биз суудан секирип чыгып бара жаткан көк киттин элесин жасоону чечтик. Алар үчүн антропогендик факторлор - кадимки жашоо образына терс таасир эткен жагдайлар, сууда таштандынын, адам баласынын ар кандай аракеттеринен жаралган калдыктардын көбөйүшү коркунуч жаратат.

Айнура Абдукаримова, "Газпром нефть Азиянын" башкы директорунун орун басары: "Флешмоб өткөн бир нече күн ичинде биз экологияга карата туура ой жүгүртө алуу боюнча даярдыгыбызды көрсөттүк. Мындай маселени башка дагы көп компаниялар түшүнсө жакшы болмок".

Инсталляцияны жасоого 3 күн короп, ага 3 миң даана желим бөтөлкө керектелди. Аны мелдештин катышуучулары жана компаниянын кызматкерлери топтоп келишти. Бул арт-объектти эс алуучулар "Каприз" эс алуу борборунда көл жээгинен көрө алат. "ЭкоЛогика" флешмобу өткөн учурда эко урналарга топтолгон таштандылардын баары дыкат сорттолуп, кайра иштетүүгө жөнөтүлдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан