Redmi Note 7 смартфонуна сереп: 48 мегапикселдүү камерасы менен арзан смартфон

Июнь айынын башына карата дүйнө жүзү боюнча Redmi Note 7 (7, 7S жана 7 Pro) топтомунун смартфондорунун сатуулары 10 миллион даанадан ашканы белгиленген. Биз O!Store дүкөндөрүнүн тармагынын маалыматтарына ылайык, кыргызстандыктардын өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болгондоруна кененирээк токтолдук.

Redmi Note 7 – баа менен мүмкүнчүлүктөрдүн мыкты шайкештиги

Актуалдуу 6,3 дюймдук дисплейи, Full HD мүмкүнчүлүгү+айнек корпусундагы "тамчы" оюкчасы менен мындан да эффекттүү смартфонду элестетүү кыйын. Смартфон өзүнөн эки эсе кымбат смартфондор камсыздалуучу 8 ядролуу Qualcomm Snapdragon 660 платформасында иштейт. 4 ГБ ички оперативдик жана 64 ГБ туруктуу эс-тутумга ээ. Туруктуу эс-тутум 256 ГБга чейин көлөмдөгү microSD эс-тутум картасынын жардамы менен кеңейтилет. Класс боюнча "темири" кубаттуу, мисалы, PUBG графиканын максималдуу ырастоолорунда кынтыксыз жүрөт. Эки SIM-карта салынат.

Камера

Redmi Note 7 бир кыйла өнүктүрүлгөн фотобөлүмгө ээ. Негизги камера 1/2 көлөмүндөгү 48 мегапиксель сенсордо курулган — бул ошол эле баага атаандаштардыкынан көбүрөөк. f/1.8 диафрагмасы менен жарыктын көлөмүн көбөйтүүчү оптикасы да кубандырат. Ошондой эле фонду жылмалоочу 5 ПМ кошумча модуль да каралган.

Дизайн жана эргономика

Redmi Note 7 жогорку баа сегментиндеги сматфондорундагыдай эле дизайнердик чечимдерди сунуштайт. Экран ичке алкактар менен алкакталган, смартфондун алды жана арты Corning Gorilla Glass 5 айнеги менен капталган, капталындагы рамасы жылмаланган алюминийден жасалып, кынтыксыз чогултулган. Жеткиликтүү түстөр — куюлушкан көк жана кара. Бул смартфондо кулаккаптар үчүн дагы заманбап моделдердин көпчүлүгүндө жок ыңгайлуу аудиооюкча бар. Бөгөттөн чыгаруу тез, так жана ишенимдүү жүргүзүлөт.

Аккумулятор

4000 мАч сыйымдуулугу бар аккумулятор активдүү колдонулганда бир күнгө ашыгы менен жетет: активдүү интернет-серфингде, мессенжерлер менен социалдык тармактарда баарлашууда, мезгилдүү сүйлөшүүлөрдө жана сүрөткө тартууда кечинде заряддын 40 пайызына жакыны калышы мүмкүн.

Жыйынтык

Жагымдуу тышкы көрүнүшү, өнүктүрүлгөн техникалык өзгөчөлүктөрү жана сыйымдуу аккумулятор Redmi Note 7 смартфонунун жакшы сатылып жаткандыгынын негизги факторлору болуп калды. Бул смартфон насыяга же бөлүп төлөөгө баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз O!Store дүкөндөрүндө айына 2608 сомдон баштап жеткиликтүү.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Баасы жарыяланган учурга жеткиликтүү. Товар тастыкталган. Товардын саны чектелүү. Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин жана насыяга жол-жоболоштуруу үчүн керектүү документтердин тизмеги менен кошо толук маалыматты 0 705 007 000 телефонуна чалып же болбосо ostore.kg cайтынан сурап биле аласыз. Насыя "Дос-Кредобанк" ААКсы тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ экендигин белгилейбиз. "Дос Кредобанк" ААК КРУБ лицензиясы: №037.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан