ЖКК айып пулдарын кантип оңой текшерип, ыңгайлуу төлөсө болот?

ЖКК айып пулдарын текшерүүнүн жана оңой төлөөнүн ыңгайлуу куралы - "Мой О!" тиркемесиндеги «О!Деньги» электрондук капчыгы. Эмне үчүн десеңиз:

Жөнөкөй катталуу

Тиркемеге автоунааны каттоо үчүн мамлекеттик номерин жана ээсинин ИНН номерин киргизүү жетиштүү болот. Бардыгы болуп 8 автоунааны киргизип, ар биринин айып пулдары бар экендигин өз алдынча текшерип турса болот.

SMS-билдирүүлөр

Жаңы жазылган айып пулдар тууралуу SMS-билдирүүлөр автоматтык түрдө келет. Бул айып пулдардын келип келбегендигин дайыма кол менен текшерип туруу муктаждыгынан бошотот.

Майда-бараттарды көрүү жана бузуулардын фотосүрөтү

Тиркемеде ЖКК бузууларынын болгон жерин, убактысын, майда-бараттарын жана ал гана эмес жолдогу камераларга түшүп калган фотосүрөтүн да оңой көрсө болот.

50% арзандатуу жана комиссиянын жоктугу

"О!Деньги" ыңгайлуу капчыгынын жардамы менен айып пулдарды убагында комиссиясыз жана үйдөн чыкпай туруп төлөө оңой. Айып пул 15 күндүн ичинде төлөнгөндө 50% арзандатуу жүрөт. Тиркеме жеңилдик берилген мөөнөттү жана туум эсептелерине канча күн калгандыгын да билдирип турат.

QR-код жана штрихкод менен тез төлөө

Төлөөнүн көп маанилүү коддорун киргизүүнүн кереги жок. Токтомдогу QR-кодду же протоколдогу штрихкодду сканерлөө жана төлөмдү тастыктоо жеткиликтүү. Реквизиттер жана каралган жеңилдиктер менен чогуу эсептелген сумма автоматтык түрдө чыгат.

Тиркемеге автоунааны кошпой эле айып пулдарды төлөө

Сиз тиркемеге автоунааны киргизбесеңиз деле, штрихкоддордун сканеринин жардамы же "О!Деньги" капчыгынын кызматтардын каталогундагы "Айып пулдар" категориясын кол менен тандоо аркылуу айып пулдарды жеңил төлөөгө болот.

Төлөмдөрдүн тарыхы

Ошондой эле тиркемеде төлөнгөн жана жазылган айып пулдардын тарыхын көрүп туруу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан дагы көп ыңгайлуу функциялар "Мой О!" тиркемесинин жаңыланган версиясында. AppStore же GooglePlay платформаларынан орнотуу: http://o.kg/l/myo.

*комиссия 2019-жылдын 21-июнунан 31-июлуна чейин эсептелбейт.

"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧКсы тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан