Франциялыктар өтө ысык аба ырайынан жабыр тартышууда

Франциядагы ооруканалар жана социалдык кызматтар өлкөнү каптаган ысык аба ырайынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Мындай билдирүүнү өлкө башчы Эммануэль Макрон жасаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, абанын температурасы аталган өлкөдө 40 градустан ашышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азыркы тапта балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, кош бойлуу аялдарга жана кичинекей балдарга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдиришкен.

2003-жылдын август айында 15 миң адам Францияда ысык аба ырайынын курмандыгы болушкан.

Бельгиялык метеорологиялык институттун билдиргенине ылайык, аба температурасынын кескин жогорулашынын себеби Атлантика океанында айланып жаткан субтропикалык аба массасы жана Исландиядан Орусияга чейинки аймакты каптаган антициклон себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jasgul
2019-06-25 20:00:27
Бизде деле 40 ашат. Бирок, 37-38 деп корсотуп, мындай камкордук корулбойт эч качан. Кондиционер коюлуп, жакшы шарт тузулгон ишканалар аз санда бизде.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан