Тоо-кен тармагы үчүн товарлар жана кызматтардын форуму өтүүдө

Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарында Эл аралык ишкерлер кеңеши Кыргызстандын тоо-кен өндүрүү тармагы үчүн товарлар жана кызматтарды жеткирүүчү компаниялардын катышуусунда форум өткөрүүдө. Анда бүткүл өлкөдөгү бул тармакта иштеген компаниялардан тышкары бир канча эл аралык компаниялары чогулуп, кызматташкысы келген ишканалар менен түзмө-түз жолукканга шарт түзүлдү.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков форум эки тарапка тең пайда алып келерине ишенет.

Биз товарлар жана кызмат көрсөтүүчү ишканаларды бир аянтчага чогултуп көрүүнү чечтик. Бүгүнкү күнү тоо-кен өндүрүү тармагы үчүн, кийинки перспективада экономиканын башка тармактары үчүн. Аларды өз ара тааныштырып, мындан ары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул форум бардыгы залда отуруп, докладчылар трибунада сүйлөгөн формада өтпөйт. Мында компаниялардын презентациялары өтөт, жер казынасын колдонуучулар жеткирүүчүлөргө сатып алуу процедураларын түшүндүрүп, суроолорго жооп беришет. Өз кезегинде жеткирүүчүлөр кызматтарын сунушташат. Бул форумда компанияларды бири-бирине тааныштырабыз, иш-чарадан соң бир канча келишимдерге кол коюлат деп ишенем”, – деп форумду ачып берди.

Аталга иш-чарада өлкөдөгү ири кен казуучу компания “Кумтөр” башкы каармандардын бири десе болот. Аталган ишкананын директору Дэниел Дежарден бул форум ишканалар үчүн жаңы келишимдерди түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк деп белгилейт.

Кумтөр” 2018-жылы 981 кызмат көрсөтүүчү компаниялардын сатып алууларды жасаган, алардын 580и жергиликтүү ишканалар. Бул ишканаларга жалпы 80 миллион доллардан ашык төлөнгөн. “Кумтөр” ишканасы кызмат көрсөтүүчү компаниялардан товардын сапатына, атаандаштык жарата алган баалары жана ошол компания ири ишканага үзгүлтүксүз кызмат же товарды сатууга жөндөмдүү экендигине көңүл бурат. Ошондой эле кызматташууда жогорку этикалык стандарт да маанилүү.

Форумда “Кумтөрдүн” стенди орнотулду, рынокто кандай ишканалар бар экендигин байкайбыз. Ар кайсы компаниялар менен таанышып-билүүгө мыкты аянтча болууда. Мындан максималдуу пайда көргөнгө аракет кылабыз. Тоо-кен тармагындагы башка компаниялардын катышып жаткандыгы кубандырат. Кайсы бизнес болбосун, кардарлар үчүн бир эле компания эмес, бир канчасы болгону маанилүү. Анткени, бул бир орунда туруп калбай, өнүгүүгө жол ачат", - дейт Дежарден.

Назгүл Оскоева “Кумтөр” компаниясынын камсыздоо бөлүмүнүн менеджери:

- “Кумтөр” кызмат көрсөтүүчү ишканалар үчүн катуу талап коёт деп айтпайм, анткени бул эл аралык рыноктогу стандарттык шарттар. Эгерде бул шарттар аткарылбаса анда стандарттын жоктугу катары бааланат. Эл аралык бизнес жүргүзүүдө – этикасы негизги талаптардын бири. Негизги талаптардын катарында - антикоррупциялык иштердин жок болуусу, купуялыкты, коопсуздукту сактоо да бар.

Форум биз үчүн тоо-кен тармагындагы рынокто эмне болуп жаткандыгын карап-билүү, анализдөө. Албетте, жаңы компанияларды көрөбүз, бизге керектүү ишканаларды карайбыз. Балким, жергиликтүү ишканалардын арасынан биз үчүн керектүү кызмат көрсөтүүчү компаниялар чыгып калат. Анткени “Кумтөр Голд Компани” мүмкүн болушунча бардыгын жергиликтүү ишканалардан сатып алууга умтулат.

Мындай форумга алгачкы жолу катышып жатабыз. Кардарлар менен жолугушуп, сүйлөшүүгө ылайыкталган форум – ишкерлер үчүн керектүү. Биз жол жана тоо-кен тармагына керектүү техникаларды ташыйбыз. Мындан тышкары, ага керектүү тетиктерди жана оңдоп-түзөө иштерин да жүргүзөт. Негизги кардарыбыз “Кумтөр” компаниясы 180ден ашуун техникаларды колдонуп келет”, - дейт форумдун катышуучусу “Борусан” компаниясынын өкүлү Курманбек Сыдыгалиев.

Абдуллабек Рахманов, “Ихсан Эко Групп” компаниясынын өкүлү:

- Биздин компания өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү менен алектенет. 2011-жылы Бишкектен баштап бүтүндөй өлкө бою жеке үйдөгүлөр резина жана унаалардын дөңгөлөктөрүн жагып башташкан. Ошондо бул компанияны ачуу идеясы пайда болгон.

Биздин ишкана колдонулган шиналарды кайра иштетип чыгып, экинчи сырье кылат. “Кумтөрдө” колдонулган шиналарды, май жана аба фильтрлерди кайра иштетип чыгабыз. Бул компания менен 2019-жылдан тарта иштете баштадык. Ишканада 50дөн ашык кызматкерлер иштейт. Учурда ишкана Аламүдүн районунда жайгашкан, келечекте ар бир облуста ачканга аракет кылабыз.

Азыркы убакытта өлкөдө тоо-кен тармагы тез өнүгүп жатат, демек, аны менен катар кызматтарга талап өсөт. Бул Кыргызстанда жергиликтүү компаниялар иштесин, жергиликтүү калк жумушка көбүрөөк тартылсын деген максатты үгүттөйбүз. Ошондо гана инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы көйгөйлөрү азаят. Кыргызстанда олуттуу компаниялар иштейт, алар Казакстандын жана Орусиянын рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ”, - дейт Айгерим Омокоева, “Аджи-Сервис” ЖЧКсынын аткаруучу директору.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belekus
2019-06-28 01:25:10
негизи бул тармак экономиканы которгондой кучу бар, бирок лицензия, козомол, ачыктык жактан жаман болгндуктан бир гана ишкананын жыйынтыктарын коробуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан