29-июнда Түштүк Кореядагы белгилүү актриса Чон Ми Сон 48 жашында каза болду. Анын жансыз денеси Жонжу шаарындагы мейманканадан табылды. Бул тууралуу кореялык басылмалар жазышууда.
Актрисанын жансыз денесин анын тааныштарынын бири мейманканадагы жуунуучу бөлмөдөн тапкан. Ал полиция жана "Тез жардамды" чакырган, бирок анын каза болгону аныкталган. Актриса өзүн-өзү асып алгандыгы маалымдалды.
Маалыматка караганда, бүгүн күндүз жана кечинде Чон Ми Сондун катышуусунда Жонжу шаарында пьеса коюлмак. Окуяга байланыштуу пьесанын күндүзгү сеансы коюлбай турган болду. Ал эми кечки сеанска анын ордуна башка актриса чыгары айтылды. Учурда полиция актрисанын өлүмүн иликтеп жатат.
Чон Ми Сон 1970-жылы 7-декабрда Сеул шаарында туулган. 1986-жылы биринчи жолу сериалга тартылган. Актриса 20га чукул тасма, 50гө жакын сериалдарда роль жараткан. Алардын арасында "Таң калычтуу үй-бүлө", "Чикагодон алынган жазуучу машина", "Желмогуздун күзгүсү", "Айдын кучагындагы Күн" сериалдары бар.
Ал 2006-жылы Пак Сан Хун аттуу операторго турмушка чыккан. Алардын бир уул жана бир кызы бар.
Түштүк Кореяда атактуулар арасында өз өмүрүнө кол салгандар көп кездешет. Көпчүлүгү депрессияга кабылып ушул кадамга барганы белгилүү. Ушул жылы 26-майда "Kara" тобунун мурунку мүчөсү, ырчы Гу Хара өз жанын кыюуга аракет кылган. Инстаграмга "Кошкула!" деп жазганын окуган ырчынын менеджери анын үйүнө барып өмүрүн сактап калганга жетишкен. 2017-жылы ырчылык карьерасы ийгиликтүү болуп жаткан маалда "Shinee" тобунун лидери Жоң Хён өз жанын кыйган. Анын өлүмүнө да депрессия себеп болгону айтылган.