Асылбек Жээнбеков Москвага барып Бабанов менен жолукту деген кеп тарады

"Асылбек Жээнбеков Москвага барып Өмүрбек Бабановго жолукту" деген маалыматтар интернетке желдей тарады. Мындай маалыматка "Бабанов саясий айдыңда Жээнбековдор менен бирикти" деген божомолдуу билдирүүлөр жазылды.

Бул кабардын тарашына интернетке жүктөлгөн сүрөттөр себеп болду. Анда интернет колдонуучу депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев менен түшкөн сүрөтүн, мындан тышкары Өмүрбек Бабанов менен өзүнчө түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Аны көргөндөр алардын бир жерде болгонун жазышууда. Жогоруда аты аталган депутаттар Москвага депутат Асылбек Жээнбеков менен барган деген да кептер тараган.

Бул боюнча маалымат алуу үчүн Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаевге байланышуу аракеттерибиз ишке ашкан жок. Ал эми Бабановдун тарапташтарына байланышканыбызда, бул маселе боюнча алар аны менен байланышпагандыгын, мындан улам комментарий бере албастыгын айтып, маалыматты депутат Руслан Казакбаевден тастыктоону өтүндү. Руслан Казакбаев бул суроого жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан