Жаӊы O!Store дүкөнүндө аксессуарларга -20 пайыз арзандатуулар

Кымбаттуу кардарлар!

Сиздерге дагы бир O!Store дүкөнүнүн ачылгандыгын кубаныч менен кабарлайбыз! Смартфондорду жана мобилдик аксессуарларды сатуу боюнча жаӊы заманбап дүкөн Жалал-Абадда ачылды.

Буга байланыштуу дүкөндө 2019-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин бардык аксессуарларга -20 пайызга жагымдуу арзандатуулар болууда.

Учурда штаттык режимде иштеп жатат жана өз кардарларын саат 9:00дөн 19:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз төмөнкү дарек боюнча күтөт:
• Жалал-Абад ш., Токтогул көч., 40, болжолдуу "МИР" кинотеатрынын маӊдайы.

"Аймактарда филиалдык тармакты кеӊейтүү компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Мобилдик оператор катары О! операторун тандаган кыргызстандыктардын саны барган сайын өсүүдө. Биз болсо филиалдык тармакты мындан да активдүү өнүктүрүү – ар бир кардарга жакындоо, алардын үмүт-тилектерине шайкеш болуу жана тейлөө сапатын жогорулатуу аркылуу буга жооп кайтарууга аракет кылуудабыз", – деп белгилейт О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров.



O!Store – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor дүйнөлүк бренддеринин расмий өнөктөшү. О!Store дүкөндөрүнүн консультанттары сиздин смартфонуӊуздун моделине керектүү бардык нерселерди тандоого жана O! Мобилдик операторунан пайдалуу тарифке кошулууга жардам беришет.

O!Store дүкөнүнөн смартфонду тез аранын ичинде насыяга же бөлүп төлөөгө жол-жоболоштуруу мүмкүн. Сизден болгону төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

2. Айлык акы тууралуу маалымкат (төмөндө көрсөтүлгөн документтердин бири):
Эмгек келишиминин негизинде иштегендер үчүн айлык акы жөнүндө маалымкат;
• Жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 ай же андан ашык мөөнөт үчүн патент (түп нускасы жана патентке төлөнгөндүгүн көрсөткөн квитанция);
• Мал чарбасынын ээлери үчүн айыл өкмөтүнөн малынын бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Товарлардын саны чектелүү. Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин, ошондой эле насыя жана бөлүп төлөөнү жол-жоболоштуруу үчүн керектүү документтердин тизмесин 0 705 007 000 телефонуна чалып же болбосо ostore.kg cайтынан сурап биле аласыз. Насыя "Дос-Кредобанк" ААК тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. "Дос Кредобанк" ААК КРУБ №037 лицензиясы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан