Бишкектиктер ДДТнын концерти тууралуу: “Сагынычтуу! Музыкалуу! Көӊүлгө жакын!”

29-июнь күнү Бишкекте O!PEN AIR 2019 масштабдуу музыкалык фестивалынын алкагында легендарлуу рок-тобунун дүркүрөгөн концерти болуп өттү. Бишкектиктерге мындай чыныгы белек менен унутулгус окуяны О! Мобилдик оператору жана борбордун PROMZONA.space маданий клубу тартуулашты.

Бул миӊдеген эски достордун айланасында көӊүлгө жакын кече болду. Музыканттар Кыргызстандын борборунда алгачкы жолу концерт беришти.

"Саламатсыӊарбы кымбаттуу достор. Салам алейкум, Кыргызстан. Эмне дейли… Жылуу тосуп алганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат. Биз менен болгонуӊуздар үчүн ыраазыбыз. Акыры Бишкекке келгенибизге абдан кубанычтабыз. Жашыл шаар, таза аба, дагы көптөгөн жакшы нерселерди айта алам. Бизди чакырганыӊар үчүн тереӊ ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиӊиздер... Бүгүн ырлар силер менен биздин жашообуз сыяктуу ар түрдүү болот. Кайгылуу, шаӊдуу, ирониялуу, балким, трагедиялуу… Бирок бул биздин жашообуз. Бакыт жана жаркын келечек сага, Кыргызстан! Бардык жакшылыктарды каалайбыз! Анда эмесе кеттик!" – деп баштады сахнадан Юрий Юлианович.

Шевчук күйөрмандарын эски жана жазыла элек жаӊы ырлары менен кубандырып, аткаруу учурунда көрүүчүлөр менен баарлашып жатты. Музыканттар менен бирге жашоо жөнүндө ойлонуу мүмкүнчүлүгү да болду.

Эл жаӊы ырларды да, эски хиттерди да дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып, кошо ырдап жатты. Солист сахнадан музыка тууралуу, фольклорду канчалык жакшы көргөндүгү жөнүндө, чоӊ апаларыбыз бизге ырдап берген ырларды ырдоо абдан маанилүү экендигин айтып берип жатты. Мындай ырлардын бирин топтун солисткасы Алена Романова ырдап берди. Анын ырдаганы күйөрмандардын баарын толкундантып, жүрөктөрүнүн кагуусун күчөттү.

"Канчалык көп жашасам, ошончолук жашоодогу башкы нерсе сүйүү экендигине ынанып келем. Бул жашоодо сүйүүдөн артык нерсе жок", - деп бөлүшөт "ДДТ" тобунун лидери.

"Любовь не пропала", "Не стреляй", "В последнюю осень", "Хиппаны"… Эл сүйүктүү хиттерин толкунданып угуп, кошо ырдашты. Юрий Юлианович ырларында да көрүүчү менен баарлашып жатты:

"…Ты, я – всё получилось
Я, ты – Бишкек не случайно.
Нашей любви, что не изменилась
Не все так печально
На площади в чайной…"

Юрий Шевчук ырларын ырдап жатканда сөздөрү элдин сүйүүсү менен дүркүрөгөн кол чабууларына чөмүлүп жатты.

Эки саат өткөн соӊ Шевчук Бишкек менен коштошо баштады. Музыканттардын баары сахнага чыгып, көрүүчүлөргө жалпы жүгүнүп, таазим кылышты. Музыканттар сахнанын артына кирип кетишти… Коштошууну эч ким каалаган жок. Дагы бир нече мүнөт бою көрүүчүлөр аларды сахнага чакырып жатышты. Шевчуктун сахнага кайтып келишин эл күтпөй калганда, "Родина" обону созулуп, музыканттар кайра келишти. Эл укмуштуудай кубанычка чөмүлүп калды.

Коштошуп жатып Шевчук Бишкекке "Это всё" аттуу дагы бир ырын тартуулады.

Сахнада болуп жаткандар экранга трансляцияланып жатты, үн менен жарык жасалгасынын эӊ мыкты сапаты көрүүчүлөр тарабынан жогорку деӊгээлде бааланды. O!PEN AIR 2019 17- музыкалык фестивалы таасирдүү жана унутулгус шоуго айланды. Уюштуруучулар менен өнөктөштөрдүн командасы өз милдеттерин жүз пайызга аткара алышты.

Концерттен кийин социалдык тармактар таасирлентүүчү сөздөргө толуп калды.

ekaamato: "Жүрөккө абдан жакын, элжиреткен жана укмуштуудай сонун концерт! ДДТ – сүйүктүү топторумдун бири, ал эми Юрий Шевчук стадиондорду картайбас энергиясы менен толтурган эӊ позитивдүү, ак ниет жана эмоционалдуу адам. Акырында уюштурулган маршруттук таксилерге отуруп, концертти финалдык "Это всё" ыры менен уланттык. Баары сонун болду. Уюштуруучулар @o_mobile_operator @promzona.space кесипкөй деӊгээлдери жана ДДТ концертине баруу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгы үчүн тереӊ ыраазычылык билдирем".

zarina_1808: "Open Air 2019, шаӊдуу жана жүрөккө жакын, уюштуруучуларга рахмат!"

brodnik_life: "Любовь не пропала, немного устала но не пропала !!! Бул үчүн @ddt_band #openair2019 рахмат!"

azamat_kulmurzaev: "#openair2019, тонналаган үндөр жана таттуу, ар түрдүү музыка, мыкты маанай – ишембилик кече ушул нерсе гана керек"

_maral_d_: "Абдан сезимдүү болду! Сагынычтуу! Музыкалуу! Көӊүлгө жакын! Дагы эле таасирленип жүрөм".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан