"Бакай Банк" жана "БТА Банктын" биригүүсү жөнүндөгү негизги суроолорго жооп

"Бакай Банк" ачык акционердик коому жана "БТА Банк" жабык акционердик коому бир коммерциялык банк болуп биригүүдө. Каржы институттарына бул маселени ишке ашыруу үчүн дагы бир нече өтүүсү зарыл. Бирок эң негизгиси, өлкөнүн өнүгүп жаткан эки динамикалуу банктарынын биригүүсү синергия максатында жүрүп жатат. Бул жол активдердин биргелешкен ишмердүүлүгүн жакшыртып, биргеликтеги иштин жыйынтыгы ар бир банк өз алдынча иш жүргүзгөнгө караганда бир топ жогору болот.

Эмне себептен "Бакай Банк" жана "БТА Банк" биригип жатат?

Бул биригүү Кыргызстандын экономикасынын жана Финансылык системди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын талаптарына толук жооп берет. Чындыгында эле аймактарды өнүктүрүүгө мурункудан да чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки банктын биригиши тышкы экономикалык интеграциялык процесстерге жакшы таасирин тийгизет. Биригүү процесси бир аз убакытка созулганы менен, кардарларды тейлөөгө эч кандай таасири тийбейт. 2019-жылдын аягына чейин “Бакай Банк” менен “БТА Банкы” бири-биринен көз карандысыз өз ишмердүүлүктөрүн улантат. Этап-этабы менен биригүүнүн эң мыкты вариантын профессионалдардан түзүлгөн атайын команда иштеп чыгарын “Бакай Банк” ААКсынын төрайымы Бакита Мундузбаева билдирди.

Эмне себептен мындай чечим кабыл алынды?

Масштабдын жогорулашы - банктын сапаттуу, ылдам жана ыңгайлуу кызматтарын жогорку деңгээлде көрсөтүүгө жол ачат. Кыргызстандын бардык аймактарында аманат кассалардын, филиалдардын саны өсөт. Кызматташтыкта боло турган чет өлкөлүк өнөктөш банктардын саны да көбөйөт.

Биригүү процесси кандай жүрүп жатат?

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы “Бакай Банк” ачык акционердик коомуна “БТА Банктын” акцияларын алууга уруксат берди. Бардык процедуралар ишке ашырылгандан кийин банк мыйзамдарына ылайык, бардык кабыл алынган чечимдер тиешелүү шартта толтурулуп, документтик пакеттер Улуттук Банкка “Бакай Банк” ААКсы менен “БТА Банк” ЖАКсынын биригүүсү үчүн жөнөтүлөт.

Кардарлар үчүн 2 банктын биригүүсү кандай шарттарды түзөт?

Активдүү кардарлардын базасынын жана эки банктын технологиясынын биригиши финансылык институттун рыноктук позициясынын жогорулашына алып келет. Мындай ыкма иштин эң мыкты жолун колдонууга жана комбинациялоого шарт түзөт. Муну менен ал ички рынокко да, экспортко да багытталган Кыргыз Республикасынын экономикасын каржылоодогу ишенимдүү булакка айланат.

Кардарлардын азыркы эсептери жана интернет мобилдик банкингдер эмне болот?

Документтерди кайра жасатуу болбойт. Эсептик счёт, төлөө карталары, насыя, депозит жана башка тейлөө кызматтарынын шарттары ошол бойдон калат.

Мурунку калыптагыдай эле мобилдик жана интернет банкинги иштей берет.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
"Бакай Банкы" "БТА Банкы" менен биригүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан