“Газпром нефть Азиянын” ыктыярчылары балдар арасында сүрөт тартуу боюнча өткөн “Эл достугу” сынагынын жыйынтыгын чыгарышты

“Газпром нефть Азия” компаниясынын жыйындар залында ыктыярчылар тарабынан уюштурулган балдар арасында сүрөт тартуу боюнча “Эл достугу” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Сынак 22-майдан 15-июнга чейин өттү. Ага 100дөн ашуун жаш сүрөтчүлөр катышты. Долбоордун идеясына ылайык, балдар улууларга элдин, улуттардын достугун кандай түшүнүшөрүн ачып бериши керек эле. Сүрөттөр көргөзмөгө экспонат катары коюлду. Эң мыкты аталгандар "Таберик" музыкалык театрынын дубалдарын граффити менен кооздоодо колдонулат.

Айзада Жумакадырова, "Эл достугу" ыктыярчылар долбоорунун жетекчиси, “Газпром нефть Азиянын” кызматкери:

"Сүрөт тартуу сынагы жана эмгектерди көргөзмөгө коюу - бул биздин долбоордун алгачкы этаптарынын бири. Жакында экинчи этапты ишке ашырууга киришебиз. Ал балдар тарткан сүрөттүн негизинде "Табериктин" дубалдарын граффити менен кооздоо. Долбоордун жардамы менен шаар тургундарын театрга болгон кызыгуусун арттырып, балдарды "Табериктин" жашоосуна активдүү катышууга чакырууну ниет кылуудабыз", - деди.

Айнура Абдукаримова, “Газпром нефть Азия” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары:

"Компания жетекчилигинин атынан биздин сынакка катышкандардын баарына, сынактын шарттарына жоопкерчилик менен мамиле кылып түркүн-түстүү сүрөттөрдү тарткандарга, аларды колдоп багыт берип турган ата-энелерине чоң ыраазычылык билдирем. Ошондой эле биздин кызматкерлерден турган ыктыярчылар командасына "Эл достугу" долбоорун уюштурганына жана ушул күндү балдар үчүн унутулгус кылганы үчүн рахмат айткым келет. Ыктыярчы болуу демилгеси жана командалык иш - биздин коомчулуктагы позитивдүү өзгөрүүлөргө ачкыч боло алышат. Баарын биздин катарга кошулууга чакырам. Биргеликте бийиктиктерди багынтабыз!" - деди.

“Эл достугу” сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү:

Гран-При – Мээрим Кожомкулова (14 жашта);

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү – Даниель Алмазов (12 жашта);

13-15 жаштагылар категориясы:

1-орун – Арууке Таабалдиева (13 жашта);

2-орун – Эмилия Иманова (13 жашта);

3-орун – Дильназ Урсеитова (13 жашта);

9-12 жаштагылар категориясы:

1-орун – Асема Керимкулова (11 жашта);

2-орун – Алия Рыспекова (12 жашта);

3-орун – Аделя Азаматова (11 жашта);

6-8 жаштагылар категориясы:

1-орун – Каныкей Кененбаева (6 жашта);

2-орун – Диана Мустафина (6 жашта);

3-орун – Настя Сняткова (6 жашта).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан