Британияда белгисиз киши ханыша Елизавета II`нин уктоочу бөлмөсүнө киргенге аракет кылды

Британиянын полиция кызматы ханышанын уктоочу бөлмөсүнө киргенге аракет кылган делген жаранды кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Укук коргоо органдары тараткан маалыматка караганда, окуя 10-июль күнү орун алган. Анда белгисиз адам Букингем хан сарайын курчап турган тосмодон өтүп, резиденцияга киргенге аракет кылган.

"Белгисиз киши резиденциянын эшигин тыкылдатар замат колго түшкөн. Ал канча убакыт хан сарайдын аймагында жүргөнү белгисиз. Азыркы тапта ал эмне максат менен бул кадамга баргандыгы такталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми полиция кызматы коопсуздук үчүн орнотулган ар кандай жабдыктар белгисиз адам аймакка кирип келгенде эмне себептен иштебегендигин иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2019-07-11 10:52:33
Эшигин тыкылдаткан маалда кармалса уктоочу бөлмөгө жетпептир го.
0
Kuba-savai87
2019-07-11 16:36:11
Nevestkaa,уктоочу бөлмөдө эшик болбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан