Анвар Абдраев: "Бакай Банк" жана "БТА Банктагы" өзгөрүүлөр кардарлар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачат

Кыргыз өлкөсүндөгү банк тармагында белгилүү иш-чара болуп өттү. Тагыраагы, "Бакай Банк" "БТА банктын" акциясын сатып алды. Эки тараптуу келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана өлкөнүн финансы регулятору болгон Улуттук банктын тыгыз кызматташуусунун негизинде жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө "Бакай Банк" жана "БТА Банк" өз алдынча иш алып барат. Бирок аталган банктар 2019-жылдын аягында бир ишкана болот деп божомолдонууда. Кыргыз Республикасынын Банктар союзунун президенти Абдраев Анвар Карикеевич жогорудагы окуя боюнча өзүнүн ою менен бөлүштү.

"Азыркы тапта эффективдүү банктардын бири "Бакай Банк". Банк өлкөбүздүн банк тармагында көп жылдардан бери иштеп келе жатат. Ал дүйнөлүк банк тармагындагы жаңы жабдыктар менен камсыздалган. Мисал катары ислам банкингин - баалуу металлдардын жеке белгилерин көрсөтүүсүз эле эсебин жүргүзүү жана баалуу металлдарды жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсепти айтсак болот. "Бакай Банк" башка финансы уюмдарынан дайыма жаңычылдыкты киргизгендиги менен айырмаланып турат. "Банктар союзунда" иштелип чыккан атайын жаңы өндүрүмдөр "Бакай Банкта" текшерилген", - деген ал.

Ошондой эле Анвар Абдраев "БТА Банк" дагы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу экенин билдирген.

"БТА Банк" көп жылдардан бери кардарларга кызмат көрсөтүп келет. Бул банктын алгачкы аталышы "Эридан" болгон. Аталган банк өз убагында күчтүү жана мобилдүү деп бааланган. "БТА Банкка" казакстандык инвестордун келиши менен банктын филиалдары көбөйүп, Кыргыз мамлекетиндеги банк тармагында алдыңкы орундарды багындырууга жетишкен. "Бакай Банк" "БТА банктын" акциясын сатып алуусу ата мекендик банк тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ойлойм", - деди ал.

"Биздин өлкөдө банктардын ыктыярдуу биригүүсү биринчи ирет болуп жатат. Бизнес дүйнөсүндө тескерисинче, күчтүү банк менен начар иштеген банктар биригет эмеспи. Ал эми биздин учурда эки ийгиликтүү жана күчтүү банк биригүүгө багыт алды. Мындай көрүнүш биз үчүн үлгү ала турган мисал. Биз ЕАЭСке кирген өлкөбүз. Аталган союзга кирген өлкөлөрдүн банктарынын капиталы менен биздин бакнтардын капиталын салыштырууда айырма болот. Тагыраагы, Кыргыз банктарынын капиталынын деңгээли минималдуу. Ал эми эң ири капитал Армениянын банктарында, башкача айтканда, бул өлкөдө капиталдын көлөмү 60 миллион еврону түзөт", - дейт Абдраев.

Армениядагы капиталдын көлөмү жогорулаганда банктардын биригүүсү башталган. Ошол учурда Анвар Абдраев Арменияда болгонун айтып, буларга токтолду. "Мен ошондо банктардын биригүү процесси кандай болоруна кызыктым. Биригүү тынчтык жолу менен болду. Айрым банктар өздөрүнүн жана акционерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүштү. 2025-жылы ЕАЭСтин курамына кирген өлкөлөр бирдиктүү банк түйүнүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу биздин банк конкуренцияга ылайыктуу болуусу шарт. Тактап айтканда, Орусия, Казакстан, Беларусь банктары менен тең тайлаша алышы керек. Аталган процесс Кыргыз банктарына да жакшы шарттарды түзүп берет. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды коргой билишибиз зарыл", - деп билдирди Кыргыз Республикасындагы банктар союзунун президенти.
Мындан улам "Бакай Банк" жана "БТА Банктын" ишиндеги өзгөрүүлөр жалпы өлкөдөгү банк секторуна жакшы таасирин тийгизет.
"Аталган өзгөрүүлөр эң биринчи кезекте кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып жатат", - дейт Анвар Абдраев.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан