Эксперт Арсланбек Кененбаев: "Бакай Банк" менен "БТА Банктын" ишмердүүлүгүндө боло турган өзгөрүүлөр экономиканы өнүктүрүүчү күчтүү сигнал"

Келе жаткан жылдын башында "Бакай Банк" менен "БТА Банктын" ишмердүүлүгүндө өзгөрүүлөр орун алат. Финансылык эки уюм биригип, бир бренд түзүп, насыя жана башка кызмат көрсөтүүчү филиалдарын көбөйтүүнү көздөп жатат. Эки банктын биригүүсүнөн кийин кандай иштер күтүлүп жатканы боюнча "BNC Finance" инвестициялык компаниясынын башкы директору Арсланбек Кененбаев айтып берет.

"Эки банктын биригүүсү экономиканын өнүгүүсү үчүн чоң сигнал болуп эсептелет. Экономика позитивдүү өзгөрүүлөргө муктаж болуп турат. Мындан тышкары бул кадам чет өлкөлүк инвесторлорго дагы сигнал болуп бере алат. Инвесторлордун жардамы менен жергиликтүү ишкерлер экономикага салым кошот. Мезгилден артта калбай алдыга жылып, заманбап талаптарга, жаңы стандарттарга жана глобализациялык процесстерге жооп бере тургандай болушубуз абзел. Мисалы, Орусияда буга чейин миңдеген банктар кызмат көрсөтүп келсе, учурда банктарды ирилештирүү процесси башталды. Экономикага таасир эткен чакан банктар азыркы тапта жоюла баштады. Ал эми ири банктарда корпоративдик башкаруу өнүгүп, туруктуу боло баштады. Мындай банктар банкрот болууга сейрек кабылат", - деди ал.

Эксперттин айтымында, эки банктын бирдиктүү иши КМШдагы банк тармактарындагы заманбап талаптарга жооп берет.

"Ири банктардын артыкчылыктары дагы көп болот. Ал эми өнөктөштөр, инвесторлор ири банктарга ишеним арта алышат. Мындан тышкары ири банктар өнөктөштөрдүн пайдасын арттырат. Тагыраагы, эл аралык соода-сатык операцияларын ийгиликтүү ишке ашыруу менен өнөктөштөргө пайда алып келет.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жергиликтүү банктарды ирилештирүүгө мотивация берип жатат. Бардык финансылык уюмдардагы каржы капиталы минималдуу 600 миллион сомду түзүшү керек деген талап бар. Албетте, банктар дагы бул талапка жооп бергенге аракет кылат. Бирок капиталы минималдуу көрсөткүчтөн бир нече эсе көп болгон ири банктар пайда болсо жакшы жакка өзгөрүү болот. Башкача айтканда, Кыргыз өлкөсүндөгү банк системи туруктуу боло баштайт. Бизде болгону 20дан ашуун банк бар. Алардын ичинен эки банктын биригип, ири компанияга айланышы жакшы саамалык", - дейт Кененбаев.

"BNC Finance" компаниясынын башкы директору биригип жаткан банктардын артыкчылыктары тууралуу буларга токтолду.

"Бакай Банк" жана "БТА Банктагы" өзгөрүүлөр кардарлар үчүн пайдалуу болот. Анткени банктын капиталы жогору болуп каражаттардын сакталышы ишенимдүү болот. Ошондой эле банктын коэффициенттери, көрсөткүчтөрү жогорулайт. Мисалы, бизде ири долбоорду камсыздоо үчүн ири суммадагы насыяны берүүдө 2-3 банк кооператив болуп биригишет. Анткени чакан банктарда насыянын көлөмү белгиленген. Алар белгиленген суммадан ашык насыя бере алышпайт. Эгерде ири банктар иштеп баштаса чоң суммадагы насыяны бере алышат.

Капитал көп болсо алдыдагы өзгөрүүлөр дагы банктын ишмердүүлүгүнө жакшы таасир этип, рейтингди жогорулатат. Ири банктарга инвесторлорду тартуу, чет элдик, эл аралык каржылоону ишке ашыруу жеңил болот. Анткени ири банкка ишеним чоң", - деп кошумчалады.

Каржылык глобализация боюнча маселелер, биздин өлкөнүн андагы ролу актуалдуу болуп эсептелерин айткан эксперт сом туруктуу валюта экенин айтат.

"Учурда Кыргыз мамлекети эл аралык төлөмдөр боюнча көп өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууда. Ошондуктан бизге глобализациялык процесске катыша ала турган ири банктар керек. Биздин валютабыз туруктуу. Андыктан биз эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруудагы каржы түйүнү болуп калышыбыз мүмкүн".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан