Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан "Юридикалык клиникалардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумундагы ролу" аттуу темада конференция өткөрүлдү

2019-жылдын 19-июлунда Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Юридикалык клиникалардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумундагы ролу аттуу темада конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров, министрликтер менен ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясынын, республиканын ЖОЖдорунун юридикалык клиникаларынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыктоочу конференция учурунда Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясы (КЮКА) “Юридикалык клиникалардын, Юстиция министрлигине караштуу Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (КМЮЖ КБ), Адвокатура кеңешинин жана профилдик ЖОЖдордун өз ара иштешүүсүн калктын аялуу катмарынын акысыз юридикалык жардамга жетүүсүн кеңейтүү максатында күчөтүү” долбоорун ишке ашыруудагы ийгиликтери, жыйынтыктары жана алынган сабактары менен бөлүштү. Белгилеп коё турган нерсе 2019-жылдын мартында КМЮЖ КБ, КЮКА жана Адвокатура кеңеши калктын укуктук жардамга жетүүсүн кеңейтүү максатында кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Апрель айында өлкөнүн бардык региондорунан келген 45 cтудент-юрист Укуктук үстөмдүк жайкы мектебинин алкагында бир катар тренингге катышып, юридикалык жардам көрсөтүү боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болушту. Ошондой эле юстициянын аймактык органдарына караштуу Калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордо (АЮЖБ) практикалык стажировкадан өтүштү.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Жаманкулов долбоордун бардык катышуучуларына калктын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга жетүүсүн камсыздоо боюнча биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. “Бул өткөрүлгөн практика студент-юристтерге пайдасын тийгизип, алар келечекте Юстиция министрлигинин жана Акысыз юридикалык жардам берүү боюнча борборлордун кызматкерлеринин катарын толуктап, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшөт деп үмүттөнөм”, - деп баса белгиледи министр. Конференциянын алкагында жаш юристтер АЮЖБда стажировкадан өтүү жөнүндө таасирлери менен бөлүшүп, Юрист-клиницист кодекси кабыл алынды, ошондой эле Кыргызстандын Юридикалык клиникалары ассоциациясы менен Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Долбоордун мыкты студенттери менен эксперттери сертификаттар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Конференциянын катышуучулары юридикалык клиникалар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун толук кандуу субъекти болуу менен мамлекеттин калктын аялуу катмарына юридикалык жардам берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деген жыйынтыкка келишти.

Бул иш-чара USAID уюмунун биргелешип башкаруу боюнча программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан