"Газпром нефть Азиянын" ыктыярчылары эс алуучуларга сууда жүрүүдөгү коопсуздук эрежелери, чөгүп бара жаткандарды куткаруу жолдорун үйрөтүү демилгесин көтөрүштү

"Жашоого карата +100" долбоорунун алкагында компаниянын ыктыярчылары ӨКМнын Бишкек боюнча куткаруу башкармалыгынын кызматкерлери жана Кыргыз-Орус Славян университетинин өзгөчө кырдаалдарда коргоо кафедрасынын студенттери менен биргеликте Кара-Жыгач сейил багындагы Пионер көлүндө сууга чөгүп жаткандарды кантип куткаруу керектигин көрсөтүп беришти.

Окутуу-үйрөтүү максатында уюштурулган иш-чараны "Жашоого карата +100" долбоорунун командасы демилгелеп чыкты. Окутууларда сууга чөгүп жаткан адамга кантип жардам көрсөтүү керектиги жана суудан чыкканда кандай аракеттерди жасоо зарылдыгы айтылды.

Баяндама боюнча чөгүп жаткан адам эки жол менен куткарылды: сууда сүзүү жана куткаруучу кайыкта. Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти сууга чөккөн адамдын ролун аткарды. Планга ылайык ал суунун терең жерине чейин сүзүп барып, чарчаганда суу жутуп эс учун жоготуп алмак. ӨКМнын куткаруучулары жана студенттер сүзүп барып, чөгүп жаткан адамды көлдүн жээгине алып чыгып, жандандыруу процедураларын - жасалма дем берүү, жүрөк тушуна массаж жасоону көрсөтүштү.

Практика жүзүндө көрсөтүлгөн ыкмаларды эстеп калуу үчүн ӨКМнын өкүлү эс алуучуларга сууга түшүүдөгү коопсуздук тууралуу айтып берип, маалыматтар жазылган баракчалар таратылды.

ӨКМнын Бишкек боюнча куткаруу кызматынын башчысы Мелисбек Назарбеков: "Суудагы коопсуздук боюнча иш-чараны уюштурган "Газпром нефть Азия" компаниясы жана жумушчу-ыктыярчыларга ыраазычылык айткым келет. Биз бул темага өзгөчө көңүл буруп келебиз. Жыл башынан бери өлкөдө 80 адам сууга чөгүп каза болду. Анын ичинен 20сы 12 жашка чейинки жаш балдар, 14ү өспүрүмдөр. Ар бир адам сууда жүрүүдөгү коопсуздукту билип, чөгүп жаткан адамга жардам берүү жөнүндө маалыматы болушу керек деп эсептейбиз", - деди.

Кыргыз-Орус Славян университетинин өзгөчө кырдаалдарда коргоо кафедрасынын башчысы Бейшенбек Ордобаев: "Бүгүнкү күндө биз биргелешип Пионер көлүндө эс алып жаткандарга сууда сүзүү боюнча коопсуздук эрежелерин үйрөтүп, коомчулук үчүн маанилүү иш-чараны өткөрдүк. Кесиптештер менен биргеликте машыгуу башка, чоочун адамдарды тартып, аларды кызыктыруу менен үйрөтүү башка иш. Бул нерсе "Газпром нефть Азия" компаниясынын ыктыярчыларынын колунан келди. Аларга чоң рахмат айткым келет", - дейт.

"Жашоого карата +100" долбоорунун ыктыярчысы, "Туулган жер" социалдык инвестициялык программасынын элчиси Руслан Гайдаров: "Сууга чөгүп жаткан адамды куткаруу процессине баарын, дээрлик 150гө чукул эс алуучуну тарттык. Алардын ар бири кандайдыр бир деңгээлде куткаруу ишине катышты. Катышып жана колдоо көрсөткөн бардык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем. Бул "Жашоого карата +100" долбоорунун биринчи этабы гана. Мындан кийин соода борборлорунун биринде өрткө каршы окутууларды жүргүзүүнү, ошондой эле Ысык-Көлгө барып, сууга чөгүп жаткандарды куткаруу боюнча окутууларды уюштурууну пландап жатабыз", - деп билдирди.

"Жашоого карата +100" ыктыярчылар долбоору "Газпром нефть" компаниясынын "Туулган жер" социалдык инвестициялык программасынын алкагында 2017-жылдан бери ишке ашып келет. Бул арада долбоордун ыктыярчылары тарабынан медициналык мекемелерден алыс аймакта жашаган 400 үй-бүлөгө алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн жолдорун окутуу иштери өттү. Алган билим өзгөчө кырдаал учурунда жаракат алууну азайтып жана өлүмдүн санын кыскартууга шарт түзөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан