Келечекке инвестиция: Геологиялык чалгындоо “Кумтөрдүн” өмүрүн 2035-жылга чейин узартышы мүмкүн

Ушундай таризде премьер Абылгазиев Талас облусуна барган иш сапарында айткан. Азыркы өкмөт Кыргызстан үчүн “Центерра” менен өнөктөш болуу канчалык маанилүү экендигин толук түшүнөт.

Өкмөт башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Кумтөрдө” алтын өндүрүү көлөмү азайганын айтты. Өндүрүштүк план боюнча ишкана толук күчү менен дагы 3 жыл иштейт, андан соң алтын казып алуу көлөмдөрү басаңдайт.

"Учурда кен жеринде геологиялык чалгындоо жүрүп жатат. Биз кен иштетүү мөөнөтүн узартууга аракет кылуудабыз. Бул ишке ашса, “Кумтөр” 2030-2035-жылдарга чейин иштейт" деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Центерра” 2 жылдык программанын алкагында “Кумтөрдөгү” геологиялык чалгындоо иштерин кайра баштап, 18 миллион АКШ долларын бөлгөн. Бул сумманын аз бөлүгү, тагыраагы, 6 миллион доллар өткөн жылы коротулган. Быйылкы жылы геологиялык чалгындоо бөлүмүнө 11,5 миллионду жана ага кошумча бөлүнгөн 6 миллион долларды керектөөсү күтүлөт. “Кумтөрдүн” президенти Дэниел Дежардендин айтымында, чийки заттын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү үчүн ири инвестициялар зарыл.

Чалгындоо иштерине көптөгөн каражаттар сарпталат, ал бир канча жылдан кийин гана өзүн актайт. Инвестордун бүгүнкү иштери жана түйшүктөрү аркылуу Кыргызстан дагы бир канча жыл утушу мүмкүн: мамлекеттик казынага салыктар жана башка төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз түшүп турушу, жергиликтүү элдин жумуш менен камсыз болушу жана “Кумтөр” менен көп жылдан бери иштешип келе жаткан ата мекендик өндүрүшчүлөр пайда көрөт.

Геологиялык чалгындоонун алдын-ала жыйынтыктарына баа бергендигине караганда, бийик тоолуу кендин өмүрүн узартып, экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрдү кармап калуу реалдуу. Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын башчысы Ишимбай Чунуев компания кендин эки флангын изилдөөнү уланткандан тышкары, жердин астынан кен казууну да карап жатышканын айтат.

- Учурда запастарды саноо жана жерден кенди казып алуу канчалык рентабелдүү экендиги эсептелинип жатат. Менин оюм боюнча, алдын ала алынган көрсөткүчтөр жана эсептер менен өкмөт башчы отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин депутаттары менен жабык эшикте талкуулашкан болушу керек (каникулга кетерде депутаттар премьердин отчётун угуп жактырышкан. Арадан Абылгазиев “Кумтөрдүн” иштеши 2035-жылга чейин узарышы мүмкүн экендигин айткан. Бул анын маалыматы бар экендигин айгинелейт.

Ишимбай Чунуевдин пикиринде, 2018-жылдын бургулоо иштеринин жыйынтыгы жакшы болгон болсо, жер алдынан казуу рентабелдүү болушу мүмкүн. Бул жаатта иштөө керек. Мындай ыкма менен иш алып баруу көптөгөн экологиялык маселелерди жокко чыгарат.

"Албетте, жер астынан казууну өнүктүрүү керек. Анан “Центерра” менен келишимди бузбоо зарыл. Бардык иштери уюштурулган жерден канадалыктарды кетирип, кайра бардыгын нөлдөн баштап эмне кереги бар, болгону өндүрүштү колдоп кой", - дейт Тоо-кен ассоциациясынын башчысы.

2017-жылдын сентябрь айындагы келишимге ылайык, тоо-кен чалгындоо иштеринин жандануусу мурунку өкмөт менен “Центерранын” жалгыз жетишкендиги эмес. Өзүнө алынган милдети боюнча, инвестор 10 миллион доллардын 7син Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун оор илдетке чалдыккан бейтаптарына медициналык жабдыктарды сатып берүүгө берген.

Жаратылышты коргоо иштерин активдүү колдоп жана бул жаатта иш жүргүзүп жаткан жоопкерчиликтүү тоо-кен ишкана катары, экологиялык төлөмдөрүн 3 миллион долларга көтөрдү. Ошондой эле Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм 50 миллион доллар берүүгө макул болду.

Бул жана башка шарттары бар стратегиялык макулдашууну Абылгазиевдин өкмөтү бир жылдан ашык убакыттан бери изилдеп, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтүн уламдан улам узартууда. Байкалганына караганда, өкмөт инвестордон дагы кошумча бонус алууга үмүттөнүүдө. Алсак, премьер-министр менен “Центерранын” президенти Скотт Перринин жолугушууларынын биринде стратегиялык макулдашуунун күчүнө киришине кошумча шарттар тууралуу сөздөр айтылган. Анда сөз социалдык жоопкерчиликти күчөтүү боюнча жүргөн.

Бирок бул илинчек качан эки тарап сүйлөшүүлөргө чекит коймоюнча документтер күчүнө кирбейт. Демек, буга чейинки макулдашылган төлөмдөр кагаз түрүндө эле калат.

Макулдашуунун акыркы мөөнөтү 31-июлда аяктайт. Канадалык өнөктөштөн пайда алуу үчүн өкмөт бул датага чейин сүйлөшүүлөр процессин жыйыштырабы?


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан