Ырчы YELLA (Назгүл Токтакунова) турмушка чыгып, ак жоолук салынды. Ырчы жолдошу менен 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн айтып буларга токтолду.
"Жолдошум Кубаныч Кант шаарынан болот. Үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Экөөбүз 2 жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Баары күтүүсүз болду. Экөөбүз баш кошууну бул күндөргө пландаган эмеспиз. Мен Москвага чыгармачылыгыма байланыштуу иштеп келейин деп жаткам. Мени чет өлкөгө жибергиси келген жок окшойт, ала качып кетти. Мени дагы, туугандарын дагы таң калтырды.
Жолдошумдун үй-бүлөсү аябай жакшы кабыл алышты. Азыр конок тосуп жатабыз", - дейт ал.