Мээрим Аскарбекова, эксперт: “Бакай Банк” жана “БТА Банктагы” өзгөрүүлөр чет элдик ири инвесторлорду тартышы мүмкүн"

"БТА Банк" жана “Бакай Банктагы” өзгөрүүлөр чет элдик ири инвесторлорду тартышы мүмкүн. Мындай пикирди “Сенти” финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова билдирди. Анын айтымында, “Бакай Банк” ААКсындагы жана “БТА Банктагы” чоң өзгөрүүлөр Кыргыз өлкөсүндөгү банк секторунда жаңы, күчтүү жана ири компаниянын түптөлүшүнө түрткү берет.

Бакай Банк” жаңычылдыкка дайым даяр, биринчилерден болуп ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсептер менен операция жүргүзүүнү ишке киргизген, Ислам финансылык борборун ачкан. Жакынкы убакыттарда эки банктын ишинде чоң өзгөрүүлөр боло турганын билебиз. Инвестициялык кызыктыруучулук жагын алып карасак, албетте, көбөйөт. Жаңычылдыктарды киргизгенден тарта, Банктын кызматкерлери көбүрөөк фондулук рынокту карап калышат жана облигация, ипотекалык облигация, исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну жасап көрүшөт. Кыргыз Республикасынын фондулук рыноктун өкүлү катары, эки банктын өзгөрүүсүнөн жаңы банк келечекте Initial Public Offering (IPO – фондулук рынокто акцияларды ачык чыгаруу) даяр болсо деп кыялданам”, - деди Мээрим Аскарбекова.

Банктын корпоративдик башкаруусу жакшырат, эгерде банк фондулук рынокто карыздык инструменттерди чыгаруу менен ачыкка чыкса, жергиликтүү жана чет элдик фондулук рыноктордон IPO'го чыгуу менен финансыларды тарта алат. Менин оюмча, бул банк үчүн дагы, Кыргыз өлкөсүнүн фондулук рынок үчүн дагы окуянын идеалдуу өнүгүшү”, - деп кошумчалады эксперт.

Мындан тышкары, эки финансылык мекемедеги жаңычылдыктар рыноктогу үлүштүн өсүшүнө, тобокелчиликтерди диверсификациялоо, масштабдан улам натыйжалуулукту көбөйтүү, чыгымдарды кыскартуу жана кызматкерлерди оптимизация кылганга мүмкүнчүлүк берет. “Эки банк тең Кыргызстандын банк секторунда 20 жылдан ашык иштеп келишет. Андыктан, эки банк бири-бирин толуктай алышат: корпоративдик башкарууну жакшыртуу чет элдик инвесторлорго жана банктын өзү үчүн маанилүү, тажрыйба менен алмашуу, кардарлар базасы биригет, филиалдык тармактарынын көбөйүшү жана оптимизацияланышы”, – дейт эксперт.

“Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан