Synergy Global Forum 2019: Арнольд Шварценеггер жана Тимур Файзиев бир сахнада

Заманбап бизнес дүйнөсү тынымсыз баарлашуу жана интеграция шарттарында билим алмашып келет. Бул баарлашууга мүмкүнчүлүк түзгөн көптөгөн аянтчалар, экономикалык жана бизнес форумдардын саны арбын. Бүгүнкү күндө алардын эң эле белгилүүсү, масштабдуусу - Synergy Global Forum.

Synergy Global Forum - бул жыл сайын өтүп туруучу бизнес жана иш-чара дүйнөсүнүн эң негизги саамалыгы жана серепчилердин баамында эл аралык деңгээлдеги бизнес өкүлдөрүнүн маанилүү жолугушуусу. Бул форумда дүйнөгө таанымал бизнесмендер, атактуулар, жылдыздар өзүнүн басып өткөн жолу жана жетишкендиктери тууралуу 50 миңден ашуун аудитория менен бөлүшүп келет. Аталган иш-чара бүгүнкү күндө катышуучуларынын саны боюнча эң массалык бизнес-форум болуп эсептелет. Форум масштабы жана чогулткан каражаты боюнча "Гиннестин рекорддор" китебине кирген.

Форумда жаңы идеялар, туруктуу ишмердүүлүк, тренддер жана жаңы технологиялар жаралат. Ал эми 2019-жылдын октябрь айында тарыхта биринчи жолу бул форумга Кыргыз өлкөсүнүн өкүлү катышат. Легендарлуу Арнольд Шварценеггер, Майкл Портер, Ицхак Адизес, Маршалл Голдсмит, Грант Гордон, Игорь Рыбаков, Оскар Хартманн, Александр Кравцов, Радислав Гандапас, Гаррет Джонсон, Игорь Манн аттуу алптар менен бир сахнада Elite House компаниясынын негиздөөчүсү, курулуш бизнесинин серепчиси, тренер жана мультимиллионер Тимур Файзиев дагы өзүнүн программасы менен катышат.

Elite House командасынын максаты - дүйнөлүк аренада Кыргыз өлкөсүн өнүгүү жолунда келе жаткан экономикага, конкуренттик жана инвестициялык потенциалга ээ өлкө катары таанытуу. Анткени Elite House компаниясы өзүнүн технологиясы жана курулуш сапаты менен эл аралык стандарттарга негизделген. Бул өнүгүүнүн үлгүлүү өрнөгү десек жаңылышпайбыз. Мындан тышкары, өлкөнүн туристтик потенциалы жана инвестициялык жагымдуулугун пропагандалоо программасына кирген. Бул саамалыкка Орусия Федерациясында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин да орду өзгөчө. Санкт-Петербург шаарында 4-октябрда өтө турган иш-чарага кыргыз мекендештерине өзгөчө арзандатуулар жана чакыруулар каралган.

Elite House компаниясы мигранттардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып, алар менен бирге патриоттук сезимдерди, бизнес аркылуу экономиканы жандандырууну жана өлкөнү кайра курууну көздөйт.
Буга байланыштуу Elite House компаниясы жаштар арасында оригиналдуу бизнес-идеялардын сынагын жарыялайт. Сынактын жеңүүчүлөрү Synergy Global Forum`га бекер катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сынактын шарттары кийинчерээк жарыяланат.

Elite House – эртеңки бакубатчылыктын пайдубалын курабыз!

Байланышыңыз: 0 (555) 555 555. Кардарларга кам көрүү жана сервис кызматы: 0222 222222.

www.elitehouse.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан