"Бакай Банктын" VISA картасы күнү-түнү акча которууларды ишке ашырат

"Бакай Банк" ААКсынын VISA картасы заманбап, стилдүү дизайн жана эки катмарлуу коргоого ээ. Аталган эсеп картасы менен төлөмдөрдү ишке ашыруу нөл пайызды түзөт.

Бул ирет "Бакай Банк" сиздин тандооңузга жараша төмөндөгүдөй эсеп карталардын түрлөрүн сунуштайт.

Visa Classic (Виза Классик)

Бул эсеп карталарынын ээлерине кызматтардын кеңири түрү сунушталган. Мисалы, картадагы акчаларды банкомат же POS-терминалдар аркылуу чегерүү, интернет аркылуу товарларга буюртма берүү, унааны ижарага алуу, конок үйүнө жайгашуу жана башка ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү интернет же телефон аркылуу ишке ашыра аласыз.

Валюта - сом же АКШ доллары

Карта алуу - акысыз

Кызмат көрсөтүү акысы - 700 сом же 10 доллар

Visa Gold (Виза Голд)

Дүйнө жүзүндөгү эң престиждүү эсеп карталарынын бири. Visa Gold картасы жогорку макамды, каражаттын көптүгүнөн кабар берет. Бул картаны алуу менен сиз жеке менеджердин кызмат көрсөтүүсүнө ээ болосуз.

Валюта - сом же АКШ доллары

Картаны алуу - акысыз

Кызмат көрсөтүү акысы - 1 жылга 4200 сом же 60 доллар, 2 же андан көп жыл болсо 6900 сом же 99 доллар

Visa картасын алуу үчүн "Бакай Банктын" өлкөнүн бардык аймактарындагы кеңселерине паспортуңузду алып барып, арыз жазуу гана жетиштүү. Visa эсеп картасы эл аралык төлөм системдеринин катарына кирет. Тактап айтканда, дүйнөнүн 200 өлкөсүндө колдонууга мүмкүн.

"Бакай Банктын" Visa эсеп картасы, кызмат көрсөтүүлөр тууралуу кеңири маалымат менен сайттан тааныша аласыз. Суроолор боюнча 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11 номерлери аркылуу байланышып же сайттан www.bakai.kg маалымат алсаңыз болот.

“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 70 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан