"Бакай Банктын" ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби (ОМС) менен баалуу металлдан акча табыңыз

“Бакай банк” өз кардарларына ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби кызматын сунуштайт. Бул кызмат баасы өсүп жаткан баалуу металлдарга акчаны инвестиция кылуу менен пайда табуунун ыңгайлуу жолу болуп саналат. “Бакай банк” 2017-жылы бардык банктардын ичинен биринчи болуп ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ээ болгон. Жаңы кызматты пайдалануу жана акчаны баалуу металлдарга инвестициялоо жолдору тууралуу “Бакай банк” ачык акционердик коомунун кызматкери Жетиген Жакыпов баяндап берди.

- ОМС жаңы кызматы тууралуу айтып берсеңиз? ОМС деген эмне? Бул кызмат өз ичине эмнелерди камтыйт?

- ОМС – бул ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби. Бул акчаны баалуу металлдарга инвестициялоонун эң жөнөкөй жана ыңгайлуу жолдорунун бири. ОМС аркылуу сиз акча каражатын баалуу металлдын 3 түрүнө: алтын, күмүш жана платинага инвестицияласаңыз болот. Белгилей кетчү жагдай, ачылган эсепте баалуу металлдардын пробасы, номери жана өндүрүүчүсү тууралуу маалымат камтылбайт.

- Бул кызматтын кандай артыкчылыктары бар?

- Бир топ артыкчылыктары бар. Мисалы, инвестициялык баштыктын диверсификациясы. Бул эмнени түшүндүрөт? Коомчулукта өз каражатын чет элдик валютада же депозиттик эсептерде же кыймылсыз мүлккө сарптоо аркылуу сактоо адаты сакталып калган. Биз кардарларга дагы бир альтернативдик жолду сунуш кылабыз, ал каражатты ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепте сактоо. Тарыхка көз чаптырып көрсөк, адамдар кылымдар бою каражаттарын сактоо жана төлөм жүргүзүү үчүн алтынды колдонуп келишкен. Баалардын динамикасын карап көрсөк, бул заттын баасы бир гана өсүп келе жатканын көрөбүз. Кийинки артыкчылык сиздин баалуу металлдарыңызды акчага айлантуу процессинин жөнөкөйлүгү. Кардар банкка келип арыз жазгандан кийин дароо конвертация жүргүзүлүп, бир нече мүнөттүн ичинде акчасын алып кетет. Ошондой эле баалуу металлдарды сактоо, бир жерден экинчи жерге ташуу үчүн көйгөйлөр жана чыгымдардын жоктугу дагы артыкчылык болуп саналат. Мисалы, сиз алтын куймасын сатып алсаңыз, аны бир жерден экинчи жерге алып кетүүдө, сактоодо коопсуздукту камсыз кылышыңыз керек. Эгерде сиздин баалуу металлыңыздын ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепте сакталса жогорудагыдай көйгөйлөр болбойт. Кийинки артыкчылык – жеткиликтүүлүктө. Анткени бизде баалуу металлдарга инвестиция кылуу алтын жана платина үчүн 0,1 граммдан жана күмүш үчүн 1 граммдан башталат. Биз муну Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жашоочусуна жогоруда көрсөтүлгөн минималдык чектен башталган баалуу металл сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ишке ашырдык. Мындан сырткары дагы бир пайда – салыктардын жоктугу. Эгерде кардар белгилүү бир сумманы алтынга айлантып эсебине салса, баасы өскөн учурда алтынды бизге сата алат. Баанын айырмачылыгынан тапкан кардардын кирешесинен салык алынбайт.

- Аффинаждалган алтын металл куймалары менен ОМСтин баасында айырмачылык барбы?

- Банктар Улуттук банк тарабынан чыгарылган 1 граммдан 100 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймалары менен иштешет. Эгерде 1 грамм ОМС алтыны менен 1 грамм КРУБнын алтын куймасын салыштырсак баасында бир топ айырмачылык болот. Мындай учурда куймалардын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдары кымбат болгонуна байланыштуу бир топ жогору бааланат. Ал эми ОМСтин баалуу металлдарын сатып алууда анын жеке мүнөздөмөлөрүнө көңүл буруунун кажети жок. Анткени ОМС металлдарынын баасы дүйнөлүк бааларга максималдуу түрдө жакындаштырылган. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, артыкчылык ОМСтин баалуу металлдарына тиешелүү экспертизаларды өткөрүү зарылчылыгы жоктугунда. Бул кардарларды кошумча чыгашалардан арылтат.

- Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебин ачуу процесси кандай жүрөт? Бул тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

- Мисалы, сиз “Бакай банктын” кардарысыз жана белгилүү бир суммага алтын ОМС ачууну каалайсыз дейли. Сизге биздин кызматкерлер керектүү кеп-кеңештерин айтып, эсеп ачып беришет. Ошондой эле сиздин суммаңызды ошол учурдагы курска ылайыктап алтынга айлантышат. Келишим тараптардын бири аркылуу бузулмайынча иштей берет. Сиз каалаган күнү, алтындын баасы сизди канааттандырган учурда акчаңызды кайтарып алсаңыз болот. Кадимкидей конвертация жүргүзүлүп акчаңыз кайтарылып берилет. Ошондой эле сиз баалуу металлыңыздын баарын сатууга милдеттүү эмессиз. Каалаган учурда баалуу металлыңыздын көлөмүн азайтып же көбөйтө аласыз.

- Эгерде депозит менен салыштырсак, кайсынысы пайдалуураак?

- Так жооп айта албайм. Мөөнөтү бар депозиттен айырмаланып ОМСтин калдыктарына пайыз кошулбайт. Бирок алтынга инвестиция салуу айрыкча узак мөөнөт үчүн ар дайым туруктуу жана коопсуз болуп келген.

- Акыркы жылдардагы алтынга болгон бааларды салыштырсак, кандай өзгөрүүлөр болду?

- Алтынга болгон баа 2018-жылы 1 унция үчүн 1312 доллардын тегерегинде болду. 2016-жылдын башы менен 2018-жылдын аягына чейинки учурду салыштырсак, алтындын баасы 22 пайызга өстү. Ал эми 2000-жылдан бери алтынга болгон баа 406 пайызга жогорулады.

Мындан сырткары, биз жакынкы аралыкта дагы бир жаңы продукттун ишке кире тургандыгын кубаныч менен кабарлайбыз. Бул продукт карт Элкарт деп аталып, ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебине кошулган. Сиз каалооңузга жараша алтын, күмүш же платина металлдарына кошулган карта ача аласыз. Башка төлөм карталарынан айырмаланып сиздин картаңыздагы каражаттын калдыктары баалуу металлдын граммдары менен көрсөтүлөт. Биздин банктын кардарлары банкоматтардан каражаттарын улуттук валютада чече алышат жана ПОС-терминалдары аркылуу товарлар же кызматтар үчүн төлөм жүргүзө алышат. Бул продукт биздин кардарларыбыз үчүн өзүнүн активдерин башкарууга күнүнө 24 саат, жумасына 7 күн бою мүмкүнчүлүк түзүлүүсү үчүн ишке киргизилген.

Жаңы кызмат боюнча кенен маалымат менен биздин сайтыбыз аркылуу тааныша аласыздар.

Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби боюнча суроолоруңуз бар болсо, анда бул номерге чалыңыз: 0 (312) 61-00-61, уюлдук телефондон: 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары кардарларга тез жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан