Beeline: 21 жылдан бери байланышта!

Мындан 21 жыл мурда, тагыраагы, 1998-жылдын 1-августунда Sky Mobile`дын (Beeline соода маркасы) биринчи жолу GSM чалууну ишке ашырган. Бүгүнкү күндө аталган байланыш оператору өлкөнүн санариптик оператору боло алды.

2010-жылдын декабрь айында Beeline Кыргыз жергесиндеги GSM операторлордун ичинен алгачкылардан болуп 3G түйүнүн иштеп чыккан. Ал эми 2012-жылдын февраль айында аталган 3G түйүнү өлкөнүн бардык аймактарына жеткиликтүү болгон. 2016-жылдын май айында компания Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы интернет түйүнүнүн төртүнчү муунун иштеп чыккан. Компания 2018-жылы бир эле мезгилде бир нече жыштыкты бириктирип, интернеттин ылдамдыгын эки эсеге жогорулаткан LTE-advanced жаңы технологиясын иштеп чыгат. Бүгүнкү күндө Beeline оператору республиканын 90 пайыз калктуу аймактарына жеткиликтүү.

Beeline компаниясынын максаты - Кыргыз жергесиндеги ар бир жаранга туруктуу кызмат көрсөтүү. 2019-жылы Beeline компаниясы "Газпром Кыргызстан" менен бирдиктүү продукт иштеп чыкты. Жаңы кызмат көрсөтүүнүн жардамы менен жарандар жаратылыш газына болгон төлөмдү оңой эле ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышты. Тагыраак айтканда, Beeline`дын абоненттери Balance мобилдик капчыгы аркылуу жаратылыш газына болгон төлөмдөрдү ишке ашырып, эсеп дүмүрчөктөрүн ала алышат.

Мындан тышкары Beeline компаниясы ушул жылы #ПоступайКакЯ сынагын өткөрдү. Анда республиканын жети дубанынан келген 50 жаштарга 4 жыл бою Казакстандын AlmaU бизнес мектебинде акысыз окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коому VEON Ltd компаниясынын тобуна кирет. VEON холдинг компаниясынын баалуу кагаздары NASDAQ, Euronext Amsterdam өңдүү биржалык фонддордо сатылат.

VEON аудио байланыштарды, жеке маалыматтарды жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы 210 миллиондон ашуун абоненттер менен интернет аркылуу байланышуу кызматтарын көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан