"Аида Салянованын апасын СИЗО-1ге киргизбей койду" дейт Салянованын тууганы

Экс-депутат Аида Салянованын апасын СИЗО-1ге киргизбей койду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта SUPER.KG порталына Салянованын тууганы Чынара Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, Салянованын апасы кызын туулган күнү менен куттуктайын деген болчу. "Биз буга чейин деле Аида Саляновага жолугуу үчүн кайрылып келгенбиз. Жооп болгон эмес", - дейт Чынара Турдалиева.

Кечээ, 6-августта Салянованын туулган күнү болду. Ал 47 жашка толду.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан