1-августтан тартып "Бакай Банк" менен "БТА Банкынын" кардарларынын ортосундагы которуулар акысыз болуп калды

2019-жылдын 1-августунан тартып "Бакай Банк" менен "БТА Банкынын" кардарларынын ортосундагы которуулар акысыз жүргүзүлүп жатат. Эми бардык каалоочулар биринчи банктан экинчи банкка улуттук валютадагы акча каражатын клиринг жана гросс аркылуу жөнөтө алышат. Клиринг жана гросс - бул улуттук валютада банктар ортосундагы накталай эмес эсеп жүргүзүү системалары болуп саналат. Гросстун клирингден башкы айырмасы - бул алуучунун колуна акча дароо тийүүсүн каалаган кардарлар үчүн ыңгайлуу которуунун тездиги жана көлөмү болуп саналат.

Мисалы, клиринг боюнча төлөм саат 11:00гө чейин 1 миллион сомдон ашпаган суммада жүргүзүлөт, гросс боюнча төлөм 9:00дөн баштап 15:30га чейин бардык суммада ишке ашырылат.

SWIFT системасы боюнча чет жердин валютасындагы эл аралык которуулар да эки банктын кардарлары үчүн бекер болуп калды.

"Эки банктын ишиндеги жаңы киргизүүлөрдүн алкагында биринчи этап катары ушул жылдын август айынан тартып "БТА Банкынын" пайдасына төлөмдөрдү толугу менен акысыз кылуу чечими кабыл алынды", - дейт "Бакай Банк" ААКсынын кардарларды тейлөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мээрим Жекшенова.

Анын айтымында, акысыз түрүндө акча каражаттарын жүргүзүү үчүн бардык керектүү иш-чаралар аткарылып, тарификация бекитилген. "БТА Банкы" тарабынан да тийиштүү иш жүргүзүлдү.

"Азыр эки башка банк катары иштеп жатабыз. Бирок кардарлар эмитеден эле оң өзгөрүүлөрдү баалап көрсүн деп "Бакай Банк" менен "БТА Банкынын" ортосундагы которууларды кадимки банк ичиндеги операция катары бекер кылдык. "Бакай Банкынын" кардары "БТА Банкына" акча которгусу келсе, анда муну адиске айтып коюу эле жетиштүү", - дейт Мээрим Жекшенова.

Анын айтымында, бул өзгөрүүлөр кардарларга убактысын гана эмес, акчасын да үнөмдөөгө жол ачат. "Бул өзгөчө өлкөбүздүн аймактарында жашаган тургундарга өтө ыңгайлуу. Эми алар дароо эле эки банктын кызматтарын бирдей колдоно алышат. Эки банктын филиалдык тармагы да жогорулайт. "БТА Банкынын" Нарын жана Таласта филиалы жок болсо мисалы, "Бакай Банкта" бар. Ошондуктан акча котором деп алыска жолго чыгуу зарылдыгы жоголот", - деди "Бакай Банк" ААКсынын кардарларды тейлөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири тармагын көрсөтүп келет. Азыркы тапта банктын 76 кассасы менен филиалдары өлкөнүн бардык аймактарында бат жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.

"Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсеси жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77.

Call-борбор: +996(312) 610061, моб.: 6111,WhatsApp: 0 (554) 00-61-11.

Веб-сайт: https://bakaibank.kg/

"Бакай Банк" ААКсы жана "БТА Банк" ЖАКсы 2019-жылдын аягында бир ири банк болорун эскерте кетели. Келишим иш жүзөгө ашкандан кийин жаңы өзгөрүүлөр биринчи кезекте кардарларга мындан да сапаттуу тейлөө алууну шарттайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан