УКМК: "Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

"Кылмыш иштери Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда кылмыш иши токтотулган.

Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 8-августта Өмүрбек Бабанов өлкөгө келүү ниетин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан