Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн курал-жарактарды тапканын маалымдады.
"8-августта ИИМдин кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармагандан кийин анын үйүнө кароо жүргүзгөн. Анда милиция кызматкерлери тарабынан куралдын бир нече түрү октору менен табылган.
Драгунов снайпердик винтовкасы магазини менен, Симонов куралы, Капрал жана ТТ тапанчасы (7, 62 калибрлүү октору менен), GM-100 маркасындагы 2 тапанча, Сайга куралы, ТОЗ куралынан 2 даана, Fabarm, ZOLI жана PROGRESS куралдары табылган. Жалпысынан 11 курал октору менен алынган.
Мындан тышкары, УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлеринен тартылып алынган 12 калибрлүү резина октору менен 7 даана курал алынган. Азыркы тапта табылган курал-жарактар боюнча тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.