Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө келди.
"Абдил Сегизбаевдин, Улан Исраиловдун кишилери бизге маалымат берип турган деген сөз калп. Кызматтан кеткениме 1 жарым жыл болду. Ошондон бери бир дагы күч түзүмдүн балдары менен жолуккан жокмун. Алар иштеш керек. Маалымат алып же берген учур болгон эмес. Сегизбаевдин адамдары жок.
Тергөө кандай чечсе, камайбыз дешсе камашат. Негиздер болсо камасын, баарына даярмын", - дейт Сегизбаев.