Кожомкул атындагы спорт сарайында толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Спорт сарайы мамлекетибиздин эң чоң спорт комплекстеринин бири десек болот. Анын ичинде сүзүүчү бассейн, 3 миң орундуу зал жайгашкан. Бул имараттын өзгөчө бөлүгүнүн бири концерттик залдын конструкциясынын түзүлүшүндө тагыраагы, отургучтар бетон консолдорунда жайгашкан. Имараттын көрүнүктүү жактарына анын кире бериши, вестибюлдары жана аянты 42х60 метр болгон залы кирет. Имарат 1974-жылы курулган. Долбоор 1941-жылы "Союзспорт" архитектуралык институтунун арихитекторлору В.Маруков жана Н.Костин тарабынан түзүлгөн.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы республикалык маанидеги эстелик болуп саналат, ошону менен бирге өлкөнүн архитектуралык баалуулуктарынын тизмесине кирет. Анын тарыхый, илимий, архитектуралык көркөмдүүлүгү, мемориалдуу баалуулуктары күмөн туудурбайт.

Баса белгилей кетүүчү нерсе 45 жылдан бери Спорт сарайында бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Elite House курулуш компаниясы Спорт сарайын оңдоп-түзөө долбоорун жөндөн-жөн баштаган жок. Бул аренада эл аралык коноктордун катышуусунда чоң масштабдагы спорт таймаштары жана салтанаттуу аземдер өтүп турат. Спорт мекемесинин ичиндеги талкаланып бара жаткан отургучтар, сахна жана эскилиги жеткен интерьерлердин абалы өлкөбүздүн туристтик жаатын көтөрбөй келет.

Бул долбоорго компания 3 миллион сомдон ашуун акча каражатын сарптап, оңдоп-түзөө иштерин баштады. Муну менен компания Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө салым кошот десек жаңылышпайбыз.

Elite House компаниясы кардарлардын суроо-талабын толугу менен канааттандырып, эл аралык стандарттагы, жогорку технологиялык ыкма менен курулган имараттарды сунуш кылып келет. Андан тышкары, компания бизнес билимдерин жайылтуу максатында көптөгөн тренингдерди өлкөнүн эң чоң ареналарында өткөрүп келет. Бул долбоордун натыйжасында билимди жайылтуу дагы да ыңгайлуу болоруна толук ишенебиз.

Кожомкул атындагы спорт сарайын реконструкциялоо иштери Бишкек шаарынын тарыхый маанидеги эскилиги жеткен архитектуралык объектилерди кайра жандандыруу масштабдуу долбоорунун алкагында өтөт.

Бул долбоордун демилгеси биздин курулуш компаниябыз тарабынан ишке ашат. Социалдык жоопкерчилиги жогору болгон компания катары Elite House урбанистика, шаарды көрктөндүрүү, эскилиги жеткен имараттарды реконструкциялоо, өлкөнүн архитектуралык туристтик символун куруу, өндүрүш шаарчасын ачуу сыяктуу ири долбоорлорду пландап, келечекте ишке ашырууга аттанат.

Elite House – шаар тагдырын курабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан