Бүгүн, 19-августта экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Финполго суракка кирип кеткени тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бабановдун жакындары билдиргенин жазганбыз.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жогорудагы маалыматты ырастады. "Ооба, ал Финполго күбө катары суракка чакырылды" деп Финполдун маалымат кызматынын өкүлү Анастасия Пискур билдирди.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.
Буга чейин ушул жылдын апрель айында Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев Финполго сурак берип чыккан. Ошол учурда анын күбө катары суракка чакырылышы "Кыргызстан" банкына байланыштуу экендиги айтылган.