Бүгүн, 19-августта экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Финполго суракка кирип кеткени тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бабановдун жакындары билдиргенин жазганбыз.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жогорудагы маалыматты ырастаган.
Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, Бабанов Финполдун имаратынан чыга элек. Ал эми Финполдун маалымат кызматынан Бабановдун сурактан чыкканын билдирди.
"Бабановду аэропортто тосуп алган унаалары азыр да Финполдун алдында турат" дейт кабарчыбыз.