Саясатчы Өмүрбек Бабанов бүгүн, 20-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берет. Бул тууралуу ал кечээ Финполдон сурактан чыккандан кийин айткан. УКМК Өмүрбек Бабанов ага карата Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында чакырылганын билдирди. Бабанов учурда аталган мекемеге сурак берүү үчүн келди.
"Бул кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган Бабанов күбө катары өтүүдө", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.