"Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы деген сөздү ар бир облуста айткам" дейт Бабанов

"Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы деген сөздү ар бир облуста айткам", - деди бүгүн, 20-августта саясатчы Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Ал Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө тескерисинче элди биримдикке чакыргандыгын белгиледи.

"Мен ал жерде элди бандиттерден коркпой келип добуш бергиле дегем. Ал жерде бир эле өзбек калкы эмес, кыргыз улутундагылар да бар болчу. Улут аралык кастыкка чакырган сөздөр барбы жокпу видеодон толук көрсө болот. Буга чейин мен өлкөдө жок болчумун, мен келдим, эми бул иш жабылат деп ишенем", - деди ал.

Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКга сурак берүүгө келди.

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүүгө келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан