Онкологияны дарылоого жана жаратылышты коргоого Centerra Gold менен келишимден 4 жарым миллиард сом түшөт

Жылына 5 миңге жакын кыргызстандык “сизде рак” деген коркунучтуу диагноз угушат. Жарым миллиондой өлкө жаранында дем алуу органдарынын оорулары катталган. Эки учур тең көбүнесе начар экологиянын кесепети, ал болсо мамлекеттик бюджеттен канча артса, ошончо эле каржыланат. Кыргызстан жаратылышты коргоо долбоорлорун убакыт коротпой ишке ашыруусу керек, ага учурда миллиарддаган сомдор бар. Бул каражатты Centerra Gold Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуунун негизинде бөлүп берет.

Кыргызстандын бийлиги Centerra Gold алдында социалдык жоопкерчиликти көбөйтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларына кошумча каражат бөлүү шартын коюп, өкмөт стратегиялык макулдашуу аркылуу бул максаттарга жетти.

Миллиарддаган сомдор бар

Кыргызстан Centerra Gold менен макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын жаратылышын коргоо фондуна 50 миллион доллар бир жолку төлөм алат. Бул бир жолку төлөмдөн тышкары, Centerra Gold аталган фондуна жаратылышты коргоо долбоорлоруна жылына 3,7 миллион доллардан төлөп турат. Белгилей кетчү нерсе, бул төлөмдөр 2017-2018-жылдар үчүн да төлөнөт. Буга чейинки 2017-жылдагы макулдашууда бул сумма 2,7 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандын министрлер кабинети жана Centerra Gold жетекчилери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул сумманы 1 миллионго көбөйтүүгө макулдашкан.

Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенден тарта Онкологиялык кызматты колдоо фондуна дагы 3 миллион доллар бөлүштүрүлөт. Буга чейин аталган фонд канадалык инвесторлордон заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга 7 миллион доллар алган.

Жаратылышты коргоо – өмүрлөрдү сактоо

Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо фондунун долбоорлору аткарылганы өлкө үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстан кыш мезгилинде Бишкектин булганган аба маселесин тез арада чечүүсү, Ысык-Көлдөгү эскирген тазалоочу курулмаларды оңдоо, өлкөнүн түштүгүндө калкы жыш жерлерде таштандыны кайра иштетүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруусу керек.

Мындай жаратылышты коргоо долбоорлору улуттун ден-соолугун сактоо үчүн керек. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, өлкөдө жылына рак илдетине 5 миңдей адам чалдыгат, алардын жарымынан көбү ооруган биринчи жылында каза болушат. Бишкекте, Ош жана Чүй облустарында көп оорушат. Башка аймактарда деле көп кездешерин дарыгерлер айтышат, бирок ал жакта каражаттын айынан дартты аныктоо да кыйын.

Коркунучтуу факт - онкология дарттарынын абдан жашарышы. Кыргызстанда жаштардын жаман дартка чалдыгуу көрсөткүчү жогору болууда.

Өпкө оорулары да өтө курч маселе. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, станционардык булактардан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар 61 миң тоннаны түзүп, бул 517 385 кыргызстандык өпкө ооруларына чалдыккан. Алардын 50 пайызынан көбү Бишкекте катталган.

Линиялык тездеткич адамдардын өмүрүн сактайт

Улуттук онкологиялык борборго линиялык тездеткич сатып алуу ыкчам аракетти талап кылууда. Аны алып келүү боюнча келишимге ушул жылдын апрелинде кол коюлган.

Стратегиялык макулдашуу боюнча керектүү жабдыкты алууну Centerra Gold каржылайт. Компания бул үчүн 10 миллион доллар бөлүп берет, анын 7 миллиону Онкологиялык кызматты колдоо фондуна былтыр которулган.

Линиялык тездеткичти онкологиялык дартка кабылган көптөгөн кыргызстандыктар күтүүдө. Бул Centerra Gold менен макулдашуудагы маанилүү бөлүгү, себеби өлкөдө онкологиялык оорулардан жылына 18 миңдей адам көз жумат. Бөлүнгөн каражат онкологиялык борборду бардык керектүү жабдуу менен камсыздоого жетет, анын ичинде дартты эрте аныктап, дарылоого атайын жабдык алынмакчы. Линиялык тездеткич жана башка жабдууларды алып келүү 6 айга созулат жана бул маселени кечиктирбөө маанилүү, анткени адамдардын өмүрү күн санап кыскарып баратат.

Күткөн болбойт

Жаратылышты коргоо долбоорлорун өлкөнүн бардык аймактарында азыр баштоо керек. Ысык-Көлдө агынды тазалоочу курулмаларды салуу жана жаңылоо маселеси курч турат. Алар көлдү тиричилик агындыларынан сактайт. Өлкөнүн түштүгүндө таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор керек. Бардык облустарда көйгөйлөр бар.

Centerra Gold берип жаткан ири каражатты туура, багыттуу колдонууну албетте жарандык коом көзөмөлгө алуусу шарт. Бирок каражатка муктаждык чоң. Стратегиялык макулдашуу болочок жаратылышты коргоо долбоорлоруна абдан керек, анткени мамлекеттик бюджет олуттуу жүктөмдөргө дуушар болуп, бул долбоорлорду каржылоого жетишпейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан