Өмүрбек Бабанов Финполго экинчи ирет сурак берип чыкты

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 21-августта экинчи ирет Финансы полициясына сурак берүү үчүн саат 17:10до кирген. Ал сурактан саат 20:35те чыкты. Бирок ал кандай маселе боюнча сурак бергени тууралуу айтылбай турганын анын жактоочусу билдирди.

"Ачылган иштердин баарына күбө катары чакыртылып жатат. Бирок кайсы маселе боюнча жана башка кенен маалыматты жайылтпоо үчүн тил кат алынган. Бул жактоочуларга дагы тиешелүү", - деди ал.

9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда, УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.

Буга чейин, ушул жылдын апрель айында Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев Финполго сурак берип чыккан. Ошол учурда анын күбө катары суракка чакырылышы "Кыргызстан" банкына байланыштуу экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан